Нурлан Насип "Көпөлөгүм (New version)"
03:37
5,8 Мб
Жүктөлгөн: 17-07-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Нурлан Насиптики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(8 добуш)

Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.

Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.

Кайырма:
Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.

Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.

Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.

Кайырма:

Комментарийлер (13)

17.07.2017. 18:11
 Almazbek1980kg.
Жаңы ырларды күтөбүз
Нурлан ини
17.07.2017. 20:50
 Asan_Nookatk.kg
Жакшы болуптур алга
17.07.2017. 23:46
 bek_07
Аранжировка өзү жазаган го...
Жакшы болуптур ийгилик! жаңы даң даң даң ырлардан күтөбүз
25.07.2017 18:44
BubleGum
bek_07, аранжировка Нияз Абдыразаковго таандык деди радиодон
18.07.2017. 10:47
 Bek94
Музыкасы мурункудай болгондо жакшы
болмок азыркысы болбой калыптыр башка
ыр жазып ырдасаныз жакшы чыгат беле. Бул деле болот ийгилик сизге.
18.07.2017. 11:04
 karaldym
«Жеңекени» качан жүктөйсүңөр????
18.07.2017. 15:06
 taiyr00kg
музыка супер
18.07.2017. 16:59
 Achi_01kg
Жеңе деген ырын жүктөп койгулачыы
18.07.2017. 17:50
 Rasul94
озгоруу деле жок го.ремикс болгону менен
19.07.2017. 00:06
 Alina.lina
Удачи вам
19.07.2017. 18:42
 roni.07
Жакшы болуптур
24.07.2017. 22:46
 bella1212
Соонун го
25.07.2017. 08:24
 Begim8678
Класс!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо