Гүлжигит Калыков "Күзгү нөшөр"
03:25
5,46 Мб
Жүктөлгөн: 30-08-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Бактыгүл Сейитбекованыкы
Обону:Сыймык Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.63/5
(8 добуш)
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеңе келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.

Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?

Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.

Кайырма:

Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң тургай атың укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.

Комментарийлер (14)

30.08.2017. 10:48
 aseras
Аябай жакты) Унунузго берекке
30.08.2017. 13:17
 Felicity
Соонун ыр экен
30.08.2017. 14:57
 Nursultan.m.n
Кичинееемде ырдачумун:)
Админ ак жолук деген ырды кочуруп койгулачы Рахмат
"
30.08.2017. 16:36
 uli95
супер супер мыкты ырды келиштире ырдаптыр!
30.08.2017. 17:15
 kilim
Ырга соз жок аябай мыкты аткарыпсын. Ийгилик
30.08.2017. 20:59
 Mani.kg.
Мыкты!!
30.08.2017. 21:26
 Ashka.
Сонун. Эски ырларды жанылай бергиле.
30.08.2017. 22:01
 Rasul94
Гулжигиттин унундо эч бир кооздук жок.кимге кандай билбейм.мага жакпайт
02.09.2017. 16:53
 maks93
сонун.
08.09.2017. 18:13
 airusa
Жакты
10.09.2017. 13:23
 dobrajelatel
Сапырылган сары жалбырак мени 18 жыл артка жетеледи го чиркин... Эхх бае аруу балалык кезим.
10.09.2017. 13:26
 dobrajelatel
Бактыгул эже, Сыймык байке чыныгы таланттар.
19.09.2017. 09:30
 warrior96
Укмуш
30.10.2017. 02:12
 Abil.
Админ созун киргизип койгулачы сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо