Алтынай Нарбаева "Кимибизден?"
04:00
3,95 Мб
Жүктөлгөн: 23-08-2010
Сөзү:Д.Садырбаевдики
Обону:Ж.Кочкоровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.31/5
(29 добуш)
Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.

Кайран кез, кандай сонун убак эле,
Сезимде эңсөө туруп турар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле.

Башатын махабаттын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык,
Бой салып, ашык болуп калдың беле?

Көңүлдүн муз төрүнө бара электе,
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе.




Комментарийлер (53)

22.01.2011. 22:19
 Rayana
Mazmunu abdan jakwy eken!
10.02.2011. 21:19
 salidat8087
Жакшы ыр уну жагат супер.
13.02.2011. 22:18
 asselimm
Супер ыр! Аябай жагымдуу ыр да!!!
05.03.2011. 11:44
 Akyikatchy
Докемдин чын журогунон жазылган мыкты чыгармасы. Мазмунуда терен. Жашоодо тугойундон конулун калып бара жаткандагысын чагылдырат. Сунушу менен кошо дем-куч берет. Бул ыр инсандын экинчи омурун татыктуу улай алат .
25.03.2011. 16:03
 zeinep
СОНУН ЫР, мага ушул сыяктуу ырлар абдан жагат.Достор, кантип кочурууго болот?
28.03.2011. 18:53
 ilikgosh
коптон бери издеп таптым
09.05.2011. 15:03
 maksnarin
slm super info azirki tantik irlardan 100 ese oydo ir.sagindim seni degenin juktosonor andan da jakshi bolot ele
18.09.2011. 17:19
 aminali
Азыр Кыргызстандагы той-топурлар ушул ырсыз өтпөйт экен,канча тойдо болдук ыр кесе башталгандан аягына чейин ушул ыр,сонун экен мурда көңүл бурчу эмесмин эми минтип таап алдым.
04.11.2011. 18:17
 kg_uul
Алтынай эже азаматсыз
08.12.2011. 23:09
 Molodec
Ырдын бары ушундй болсо кана
02.03.2012. 17:26
 Takeshbek
Суйом да суйом))
13.03.2012. 19:02
 bekssa_93_21
урматтуу достор! мага ушул ырдын минусовкасы болсо табып бергилечи
29.03.2012. 11:54
 asash04
доке жакшы адам болчу көзү тирүүсүндө сыйлай алган жокпуз аттиң
29.05.2012. 18:22
 mr-kg88
votait ala jat
12.06.2012. 22:30
 placer
Ммм жакшы ырдапсыз, кынтыксыз 4 деген баа бермекчимин, ушул манызда ырдай берсениз кийинки биздин муун, ушул ырды БАЛКИМ тарыхта калтырып, кайра-кайра ырдайт, ким билет
16.06.2012. 22:19
 Waiyrbek
Эмнеге кочурулбой жатат
12.08.2012. 10:39
 omo93
жакшы ыр ушул ырды уксам досторум менен откон кундорду эстейм
22.08.2012. 14:33
 NEW-ERA.KG
мен ушул эже менен суротко тушкон элем хе-хе!
21.10.2012. 18:58
 aygul_90
Алтынай эже азаматсыз мага сиздин бардык ырларыныз жагат онорунуз оркундой берсин
07.11.2012. 00:29
 Janym_ata_enem
Мен бул чыгарманын дегеелине эч бир ырды теней албайм. Соз жок. Рахмат эже сизге.
21.11.2012. 23:15
 chike87
Доке агамдан белек болуп кала берет.
25.12.2012. 15:03
 viperson
jakwy yr eken
19.06.2013. 17:06
 kemel81
Абдан жагатда ушул ырчы
18.08.2013. 02:26
 kuba_kg
Жакшы ыр екен
25.11.2013. 22:17
 qwert
Кандай сонун ыр ай иииииии
03.02.2014. 13:26
 kg_trubach
аябай сонун ыр екен жада калса пародияга жакын анын пародиясын ким укту
16.02.2015. 17:20
 azimkan.2011
ушул ырдын минусун болсо жуктоп койсонор
02.06.2015. 18:26
 dosboss
super.kg, сураныч, ушул ырдын Токтобек Асаналиев менен ырдаган вариантын жүктөп койсоңуздар өтө ыраазы болоор элем. Көптөн бери издеп жүрөм.
05.06.2015 10:07
admin_media
dosboss,
Саламатсызбы! Алтынай Нарбаева бул ырды Токтобек Асаналиев менен дуэт ырдабаганын кабарлады.
Комментарийлерди жашыруу
05.06.2015 10:18
dosboss
admin_media,чоң рахмат. Ишиңиздерге ийгилик!
28.07.2015. 12:55
 ernie
Алтынай эжебиз "суу кое кор" деп ырдаптыр акыркы куплетте, тамырга сууну куят да, койбойт
15.01.2016. 21:42
 Sarinji
админ силерден сураныч Алтынай Нарбаеванын аткаруусундагы "баркымды билгендердин эсиндемин" деген ырды кошуп койгулачы, алдын ала чон рахмат.
18.01.2016 11:32
admin_media
Sarinji,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо