Чубак Сатаев "Жарамазан"
02:25
2,22 Мб
Жүктөлгөн: 23-08-2010
Сөзү:Ш.Дүйшеевдики
Обону:Ч.Сатаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(8 добуш)
Жарамазан, жарамазан,
Жарамазан айтсак деп,
Жабырашып, жабырашып,
Жабырашып кайтсак деп.
Учуп-күйүп биз келдик,
Ушул үйгө туш келдик.

Кайырма:
Жарамазан бизге айттырган,
Айланайын кыргыз калкымдан.
Ат байладык терекке,
Ушул үйгө береке.
Биз жарайбыз керекке,
Ак наныңдан бере кой.
Ак батаңды тилей кой,
Айланайын, айланайын,
Айланайын, энеке.

Жарамазан, жарамазан,
Жарамазан жалпы экен.
Жарамазан, жарамазан,
Анык кыргыз салты экен.
Салтты билген жигиттер,
Кыргызымдын баркы экен.

Кайырма:
Ата салтын бизге калтырган,
Айланайын кыргыз калкымдан.
Шайыр көйнөк белекке,
Шакек катып терекке.
Биз жарайбыз керекке,
Чатак кылбай ишиңди,
Чакыр кайынсиңдиңди.
Айланайын, айланайын,
Айланайын, жеңеке.

Жарамазан бизге айттырган,
Айланайын кыргыз калкымдан.
Ат байладык терекке,
Ушул үйгө береке.
Биз жарайбыз керекке,
Ак наныңдан бере кой.
Ак батаңды тилей кой,
Айланайын, айланайын,
Айланайын, энеке.

Комментарийлер (8)

26.08.2010. 19:31
 bekmyrza
эн соонун ыр ушундай эски ырлардан мумкун болушунча кобуроок кочуруп койсонор Супер Инфо сураныч
28.05.2011. 15:09
 chingizbek
5
12.04.2013. 21:49
 slm-81-10
5
12.04.2013. 21:51
 slm-81-10
5
29.12.2013 04:23
qvattro87
slm-81-10, 5
29.12.2013. 04:24
 qvattro87
5
21.03.2015. 21:15
 abdykadyr
Ч.Сатаев!Ырлары кыргыз эли менен дайыма!!!
09.07.2015. 16:24
 dosboss
Эң сонун сөздөр, эң сонун ыр!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо