Асылбек Өзүбеков "Фаридам"
04:00
8,98 Мб
Жүктөлгөн: 23-08-2010
Көчүрүү
  • Currently 4.53/5
(17 добуш)
Коңшулаш айылдан кезиккен,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгап калчу элем эшиктен.
Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Кайырма:
Фаридам, Фаридам...

Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче,
Азапка бактысын байлаган.
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим.
Неге сен жолуктуң кайрадан?

Кайырма:

Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап.
Бактылуу боло көр, кош эми,
Балалык ак сүйүүм аманат.

Кайырма:

Кош эми, бото көз Фаридам,
Аман бол, сүйгөнүм, Фаридам.

Комментарийлер (21)

27.08.2010. 17:14
 Agentk
Салам СУПЕР ИНФО!!! Асылбек Озубековдун ырларынан дагы кошуп койсонуздар жакшы болот эле!!! Мисалы Селкинчек (Гулдой жан), Колдун жээги...
28.08.2010. 10:50
 jonikg
Эмнеге кочуру мумкун эмес? Мен абдан чон! Наааааараааааааазымен Супер Инфого!!!!!!!!!!!!!!! Модератор түзөттү 30.08.2010 03:23
30.08.2010. 09:21
 info
jonikg, жүктөлгөн ырларды 30 күн убакыт өткөндөн кийин гана көчүрүүгө мүмкүндүк берилет. Нааразы болгондон алдын бул жактын эрежелери менен таанышып алыңыз!
03.09.2010. 10:36
 Nargiz
Мага абдан А.Озубековдун ырлары жагат. Журоктон чыккан ырлар. Обону да сонун.
03.09.2010. 10:36
 Nargiz
А.Озубеков суйуусуно жолукту бекен.
08.07.2012 13:27
Kg_boy3239
Nargiz, Озунун Классташ кызынсуйуп калып кийин ошону алган !!Азыр бактылуу уй булоолордон!!!!!
08.07.2012 13:28
Kg_boy3239
Nargiz, Озунун Классташ кызынсуйуп калып кийин ошону алган !!Азыр бактылуу уй булоолордон!!!!!
08.09.2010. 03:06
 milli
Kochurgongo mumkunchuluk bolso jakshy bolot ele. Asylbek baykenin yrlaryn koshsonor andan da jakshy bolmok.
08.11.2010. 05:21
 Arstan
Супер Инфодон сураныч Озубековдун Алоо ноль уч деп ырдаган ыры бар эле болсо жуктоп коюнуздарчы плиизз.
22.04.2011. 17:05
 EmMiR
Ошо коп эле ырлары бар эле го. Ошолордон жуктоп койсонор жакшы ле болмок.
07.10.2011. 03:46
 nurkaa
jonikg кочуруу мумкун кочуруп алы жыргап угуп журом
15.11.2011. 09:43
 Kushchu
Асылбек Озубековдун ырлары жагат мага-деп коёюн мен дагы, "Селкинчек" деген ырын таппай кыйналдым, кайдан тапсам болот Суперчандар?
24.03.2012. 05:37
 tavsan
Kukuk degen yryn juktop koisonor jakwy bolmok Super Info.Rahmat
12.09.2012. 01:56
 akynbaev
ооо, бул ыр чыккандан кийин канча кыз Фарида аттуу болушту экен?
07.06.2013. 14:36
 aziz2000
бул Фаридам аттуу ыр А.Озубековдуку эмес.бирок ырдайт.Бул Тынарбек Аманов дегендин ыры.могу доказать.Фарида эже экоосу коншу нары тууган б-т.Т.Аманов Москвадан окуудан келгенче Фарида эже Жалалабадка куйоого тийип кетет.А.Озубековдун озунон сурасанар да айтат.себеби бул ырдын айынан Т.Амановдун инилери м-н А Озубековдун ортосунда чон ЧП болгон.
11.07.2019 23:53
Kenjebek2782
aziz2000, Шайлообек Дүйшеевдин ыры эмеспи?
21.07.2013. 00:06
 Natina8995
Kochurgondu bilbei ele kalp ele mankalana berbegile da kyrgyz tuugandar. 30 kun kutup olturbai ele kochurgon kundon bawtap ele kochursonor bolot da.
09.12.2014 15:10
ulik1988
Natina8995,
09.12.2014 15:18
ulik1988
Natina8995,Мен кичине кезимен бери Асылбек байкенин унун,обонун, ырдаган ырларын жакшы кором жана жакшы ырдайт.
27.01.2016. 21:19
 URTI
Асыке агай Тору-Айгырдын сыймыгы!!!
02.12.2017. 18:42
 Baialy
сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо