Назми "Ойлойсуңбу?"
03:58
2,73 Мб
Жүктөлгөн: 25-10-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Г.Абдылдаеваныкы
Обону:А.Чикеевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(2 добуш)
Алсырап, жаным кейип турган кезде,
Опол тоо жөлөк болуп койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?

Муңканып муунум бошоп турган кезде,
Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени кейибейт деп ойлойсуңбу?

Сезимдер толкуп-ташып турган кезде,
Сен мага жылуу сүйлөп койбойсуңбу?
Байкабай, же түшүнбөй жүрөсүңбү?
Же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?

Комментарийлер (3)

25.10.2017. 16:17
 Lazat
Эң соонун класс. Гитара менен соонун ыр. Дагы көп ырларды күтөбүз. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
26.10.2017. 10:52
 admin_media
Bakyt_daamy1,
Саламатсызбы!
Уюлдук телефон менен кирип жатсаңыз, Opera mobile браузери менен аракет кылып көрүңүз.
14.07.2018. 14:17
 BBema
Абдан жакшы аткарыптыр,мааниси терен,журокко жетет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо