Элмирбек Иманалиев "Балкыма"
06:08
14,05 Мб
Жүктөлгөн: 04-12-2017
Жанр: Фольклор
Сөзү:Мирлан Самыйкожонуку
Обону:Элмирбек Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Сезимим чочуй баштады,
Сен кетчү тарап башкабы?
Күбүлүп түшүп жалбырак,
Күтпөйбү жазды баштагы.

Эх, мезгил токто шашпачы,
Эргүүмдү күбүп какпачы.
Таң болуп келген сүйүүмдү,
Чиркин, талкалап салбай сактачы.

Тагдырда бар да айрыма,
Таалайсыз кылып кайрыба.
Жок кылгым келбейт эч качан,
Чиркин, жомоктон мени айрыба.

Дабышын укпай жүрөктүн,
Далайдан бери жүдөпмүн.
Кыйноого салып жанымды,
Чиркин, кыйкырык салып сүрөпмүн.

Көргөндө көзүм ачылды,
Көксөгөн демим басылды.
Жоодурап турган жамалың,
Оо, балкым, жомокко мени чакырды.

Жан дүйнөм балкып кубанды,
Жакшы сөз, балким, угамбы?
Жолуңуз башка деп айтып,
Жүрөктү кылба уранды.

Айласын таппай жанымдын,
Алыска кетсең сагындым.
Ызгаарын көрүп кусанын,
Ысыгын сездим жалындын.

Мейли, назары түшсүн жакшынын,
Нурдансын жаркып жаштыгың.
Тапшырдым көрүп койгун деп,
Оо, балкым, таңына сени Аксынын.

Сен бирок ичтен чыйрал да,
Сүйүүңдү мага ыйгарба.
Сооротуп жашат жөн гана,
Сен мендей болуп кыйналба.

Чок түшкөн өңдүү көсөлөм,
Чочуба баарын көтөрөм.
Батына албайм эч качан,
Оо, чиркин, бар болгон үчүн көшөгөм.

Сен болсо эркин уларсың,
Зоокадан сайрап турарсың.
Башкалар такыр түшүнбөс,
Оо, балкым, боздогон үндү угарсың.

Андайлар көптүр айылыңда,
А бирок үндүү айрым да.
Обдулса дагы жүрөгүң,
Ошондо дагы кайрылба!

Кандай жан болдум мен деги,
Келбе деш оңой нерсеби,
Кысылтып сени өзүмдөй,
Кыйнагым келбейт мен сени.

Сага эчак бакыт кезиккен,
Сен деген жанды эшиткем.
Сени эмес эми ар качан,
Оо, балкым, сүйүүмдү жектейм кечиккен!
Сени эмес эми ар качан,
Оо, балкым, сүйүүмдү жоктойм кечиккен!

Комментарийлер (9)

04.12.2017. 12:19
 Rasul94
кандай гана керемет добуш.админ коксулуу ырын дагы кошкулачы
04.12.2017. 12:22
 taalay89
Чоң рахмат узак жылдар боюу күткөн ыр
04.12.2017. 21:24
 adik2806
Admin бегиштин ырларын тизмекке кошуп коесузбу
04.12.2017. 22:48
 Bekchan
Жылдыз тутуеванын-сагынам ырын жаны вариантын ким ырдайт жазып койгулачы эркек бала ырдайт экен
05.12.2017 15:20
admin_media
Bekchan, adik2806,
Саламатсыздарбы! Сунуштарды эске алабыз, рахмат.
05.12.2017. 23:28
 Adi.Avazbekov
Ушул ырды канча жыл куттум рахмат админ. 2 3 жыл мурда радиодон уккан элем прямой эфирден
18.12.2017. 10:25
 kanat_myrza
Соонун болуптур!
11.06.2018. 16:35
 Leili
Мирлан самыйкожо Азамат экен сонун ыр жазган Элмирбек байке ийнине жеткире ырдаган
20.06.2020. 03:49
 kurman911
Сени эмес эми ар качан,
Оо,балкым, СҮЙҮҮМДҮ ЖЕКТЕЙМ КЕЧИККЕН.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо