Дайыр Исмадияров "Кош бол, сүйгөнүм"
03:31
5,66 Мб
Жүктөлгөн: 07-12-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Байсалбек Кадыралиевдики
Обону:Эдил Маматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(12 добуш)
Бактысыз жаным, бактылуу болгун,
Бош эми жолуң, бош эми колуң.
Таалайлуу болгун, тагдырлаш жолум,
Талкалап кетти тартылган торун.
Ызгаарлар учуп, уямды бузуп.
Ууланды сүйүүм, демимди кысып,
Ушуга жетти, турмуштун кеги,
Кечирдим сени, кечиргин мени.

Кайырма:
Жүрөгүм жалын, өрттөнүп багым.
Жүдөдү жаным, сынганда шагым.
Кош бол сүйгөнүм, кош бол сүйгөнүм.
Буйруксуз жарым, буйрубай калдың.

Кериле тарткан, көшөгө бошоп,
Көгөрбөй калды, көктөсө болмок.
Жылдыздар жанбай, жылуулук таппай,
Жылт этип өчтү, армандуу боздоп.
Жүрөк кылдары, муңдуу ырдады,
Жаштык жылдары, жаным кыйналды.
Жашоого көнүп, жазганын көрүп,
Жашап келемин, жалыным төгүп.

Кайырма:

Комментарийлер (25)

07.12.2017. 16:14
 Asan_Nookatk.kg
Жакшы болуптур
Мен биринчи
Сүйгөнүң тааныбаса еле болду дайыр
07.12.2017. 17:52
 lawyer
Жакшы
07.12.2017. 19:35
 maks94.kb
Эми окшошуптур
07.12.2017. 21:44
 Bek94
Эң сонун жакты мага.
07.12.2017. 21:51
 ori
Ушу тангаламда ырчыларга бир кун менин суйуум деп табышып экинчи куну жубайым деп ырдап учунчу куну кош бол суйгонум деп ажырашып кетишет эй айланайын ыр жазыш учун эле уйлонуп атасынарбы
07.12.2017. 21:56
 ori
Суйсон ХХХХХХ коштошуп атасынбыМодератор admin_media түзөттү 2017-12-08 10:49:11
07.12.2017. 22:03
 adik2806
Бегиш жигит ырын аудиого кошуп койосузбу
08.12.2017. 02:51
 mirzoahmatov
Супер инфо текстин кошуп койгулачы
Сураныч
08.12.2017. 12:23
 admin_media
cholponbai80,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
08.12.2017. 13:33
 Adiletgo
Бир эки ырдалып калып кетчуу ыр
08.12.2017. 15:01
 Sezima89
Соонунго
08.12.2017. 15:54
 salamat93
Жакшы болуптур мыкты
08.12.2017. 16:46
 mirzoahmatov
Супер инфо рахмат чоон
08.12.2017. 17:39
 kent-1
Текстине соз жок, а обону окшошпой калыптыр
08.12.2017. 18:04
 Jaziko80
Ырды эрте чыгарып алды окшойт. Мумкун баласы чонойсо жарашып калышат. Дайыр озу атасыз оскон эми. Баласын атасыз кылбай бакса болмок. Озумчулдук жаман сапат. Кудай сактасын. Балдарыбызга ыйман нысап. Ийгилик берсин. Ар бир бала Бактылуу болсун.
08.12.2017. 20:05
 Jakshylykkg
Дайыр бир алды этпей албасан неге уйлондун деймда бир кызды орто жолдо калтырдын сага кенешим биринчисин эптеп озуно жар кыла албадын экинчи уйлонбой эле кой эми биринчисин этпей албадын экинчисин этпей алмак белен
09.12.2017. 11:04
 Djal1987
Жугуму жок ырчылар кобойду. Булардан легенда болбойт.
09.12.2017. 13:28
 Taalaibekov.ch
Мен да мындан жакшы обон жаратсам керек, Дайыр аке Ильязга жаздырынызчы обондорду
09.12.2017. 14:58
 Jeksho
Ыр жакшы экен, озуно жаман болуптур
09.12.2017. 19:49
 Solnyska9387
Сөзү абдан мыкты жазылган. Эгер обонун кайра иштеп чыгып бир аз кайгылуураак анан жайыраак музыка менен алып чыкса элге жакшы жетмек. Музыкага көңүл буруп жатып сөзүнө маани берилбей калат экен.
11.12.2017 16:32
anandi
Solnyska9387, созунузго кошулам
12.12.2017. 02:32
 K_1990
ушул бала ырдабай эле койсо болмок, ХХХХХХ кечирет эми)Модератор admin_media түзөттү 2017-12-12 09:11:50
15.12.2017. 00:30
 Achi_01kg
Минусун жүктөп койгулачы супер
14.01.2018. 16:33
 Jirawat.kg
Мага музыкасы жакты аябай..Сонун екен
30.03.2018. 09:36
 Elisabeth
Всем не угодишь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо