Асель Кадырбекова "Кыргыз кыздары"
03:41
3,38 Мб
Жүктөлгөн: 26-08-2010
Сөзү:Айтурган Сатиеваныкы
Обону:Павел Курганскийдики
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(12 добуш)
Кайырма:
Жүзү сулуу айдай,
Көз уялтат көркөмү, ай.
Кымча белдүү кыргыз кыздары,
Суйкаят маралдай,
Таңда жааган чолпон жылдыздай.
Кымча белдүү кыргыз кыздары.

Алар бул – назик жандар,
Асылзаада, аруу, ак ниеттүү.
Тагдыр белек, тагдыр белек,
Алар болот асыл жандар.
Көп кечикпей арасынан,
Сен да сүйгөнүңдү тандап ал.

Кайырма:

Сүйүп калса гана самап,
Сездире албай,
Жүрөк сыздап,
Кайгыны жейт.
Намысы бек, намысы бек,
Кара көзүңдү эңсеп, самап.
Көп кечикпей арасынан,
Сен да түгөйүңдү тандап ал.

Кайырма:

Суупериси өңдөнөт,
Сулуу жүзүм албырган.
Мен кыргыздын кызымын,
Чырайлуумун ушундай,
Акыл-эстен тандырган,
Жигиттерди тамшандырган.
Келбетимди көргөнү,
Таанышканы шашасың,
Сүйлөй албай сүрдөнүп,
Кайра неге качасың?
Кел, кыргыздын жигити,
Кол кармашып басалы,
Жүрөктөрдөн жүрөккө,
Сүйүү отун чачалы.

Кайырма:

Комментарийлер (20)

26.08.2010. 12:08
 lira
Obonu jakty...!!!
26.08.2010. 18:46
 samat
Бар болсун кыргыз КЫЗДАРЫ !
27.08.2010. 09:24
 xman
Кымча бел Кыргыз кыздарын клиптен күтөбүз... а ырга 5 деген баа!
27.08.2010. 12:00
 aku
sonun yr eken kyrgyzstanga ketkim kelip ketti
30.08.2010. 22:17
 aya
песня классная. Аселя молодец! Песня, точно, будет хитом. Желаю покорить новые вершины. Аселя, вперед! Мы с тобой!
31.08.2010. 03:58
 Arstan
Оо ыр сонун экен,мага жакты биз балдар ырдап журо турган ыр экен,срочно жатташ керек. Азаматсыз Асель ийгилик! Дагы жаны,жаны жакшы ырларды жарата бериниз.
02.09.2010. 15:12
 aizirek87
Аселя ийгилик сага! Сен DDD чыкканында аябай жакчу элен
04.09.2010. 02:49
 zigzag
Красавица молодец,песня отлично,обону жакшы,обонун ким жазган билсе болобу?
05.09.2010. 22:31
 Arstan
Тексти качан жазылат?
09.09.2010. 03:24
 Afiget
а как скачивать
13.09.2010. 14:58
 isabek
Азаматсын 5+
21.09.2010. 17:21
 vertual
Азаматсын Аселя!!!
Качан кочурсо болот?
02.04.2011. 11:35
 SherhaN
Мага жаккан жок,клибин корсонор ырдап жаткан кыргыздын кызынын кебетесин!Мына силерге кыргыз кызы...Качан эле кыргыз кызы козун ошондой кылып боеп кыска кийип калды эле?
30.12.2011. 22:04
 mara
алга аселя унуно береке
06.04.2012. 01:33
 NBAA
зарегистрируйся
24.04.2012. 06:55
 ratmir
алга Аселя эн жакшы,
22.11.2013. 02:53
 jetinur90
Уят менен намыс ага-ини катары бир журот. Бирок ушул ырдагы кыргыздын суйкайган кыздары корунгон азер,тажик менен жетелешип жургонун коруп же уяларымды,же намыстанарымды билбейм...
07.06.2014. 23:39
 Almanbet
жакшы, жакшы +
18.08.2015. 22:13
 dastan_nookat
Клипби да бар эле го аа ыры сонун!!
04.09.2015. 21:38
 kuka.1515
Сонун ыр мага жакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо