60'K тобу, Айя Садырова "Сен менин түшүмсүң"
04:43
7,59 Мб
Жүктөлгөн: 15-12-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Өмүрбек Доолоевдики
Обону:Атайбек Бодошевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(13 добуш)
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Негедир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.

Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилди,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.

Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түн өткөрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.

Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.

Ар бир күнүң сенден мага гүлдөгү
Сага айланып жашай берем күндөрдү
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң
Сага айланып жашай берем түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
Ойлорума күнү-түнү ширелип
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.

Комментарийлер (24)

15.12.2017. 22:11
 elka0414
Вообще класс
17.12.2017. 01:23
 AlibaevO
Болбойт бул ыр нормално ырдагыла ар кимдин ырын ырдай бербей
17.12.2017. 14:46
 Alik.kg16
Саламатсыздарбы админ Суйуунун кучу керемет деген ырды ким ырдайт еле жаны версиясын
18.12.2017. 11:23
 Nurlanchik
тексттин жазып койгулачы
25.01.2018. 12:27
 Aliya2015
Админ текст жазып койгулачы
26.01.2018. 01:07
 mimika
Можно текст
09.02.2018. 19:34
 Bakytjanbekk
Сонун аткаруу болуптур.
16.02.2018. 14:15
 Aima94
Мага аябай жакты. Сонун ыр экен. Сонун жарашат экен үнү бири бирине. Айя менен үнү төп келишет экен
20.02.2018. 12:55
 aikitili
Soonun boluptur.Klip dagy originalnyi,yrdagandary da jakty,klass
24.02.2018. 03:54
 meili
Magada jakty sonun yrdawyptyr,Talant jagat
28.02.2018. 16:46
 Taalai.abdurahmanov91
Салам Супер инфо Таалай Иманбеков- колдук кыз ырын жуктопкоесузбу
28.02.2018. 16:50
 Taalai.abdurahmanov91
Минусу жокбу?
02.03.2018. 23:17
 hanisa
Молодцы
04.03.2018. 20:16
 Rasul94
сонун
05.03.2018. 19:10
 Aina77
Жакты аябай соооонун.
07.03.2018. 21:36
 Upol11
Класс
07.03.2018. 23:12
 Nukulya
Мыкты ыр. Мыкты аткаруу
10.03.2018. 14:22
 Upol11
Текстин жазып койгулачы супер инфо
19.08.2018. 18:44
 Sagidko88
Супер
27.09.2018. 06:40
 chika-chika88
жакшы, жакты
16.01.2019. 07:03
 Aitik
Жакшы мага жакты.
07.02.2019. 03:18
 chika-chika88
Сонун,журогундогуну таап ырдапсыздар
26.09.2019. 17:05
 alisa0910
Супер!!!
19.03.2020. 15:02
 Aliyar-Bei
Токтобек Асаналиев жана окуучу кызы жакшы аткарышкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо