Ильяс Кудретов "Тамчы жаштар"
04:46
7,67 Мб
Жүктөлгөн: 27-12-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Ильяс Кудретовдуку
Обону:Ильяс Кудретовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(14 добуш)
Жаңылдыңбы, жаздыңбы?
Акылыңдан аздыңбы?
Адашарың билдиңби же
Билбей ката бастыңбы?
Жалган дүйнө ушундай, ай,
Кээде күлүп, кээде ыйлай.
Өмүр өтүп баратканын
Сезбейсиң го байкабай.

Кайырма:
Тамчы, тамчылады жаштарың ыйлай, ыйлай,
Тамчыланып жүрөк муңдары үн угулбай.
Кайра баарын баштан баштайлы дебе, садага,
Өзүңдү өзүң сен алдаба.

Бүгүн калдың сен жалгыз,
Ыйлап турасың алсыз
Өткөн күнгө өкүнүп, ий,
Аттиң кылып аргасыз.
Болду, болду ыйлаба,
Ыйлаганда жок пайда.
Кетирген сен каталарың
Кайталабагын кайра.

Кайырма:

Комментарийлер (14)

28.12.2017. 03:26
 munixan
Ильяс тек алга 5+сенден умут чон
28.12.2017. 11:44
 Gulirka.95
Ilias baikenin baardyk yrlary jakshy.
28.12.2017. 19:16
 mambet.kamalov
Кучттуу ыр болуптур жакты
28.12.2017. 22:52
 Nursema
Акыркы күндөрү ушул баланын ырлары жагып баратат.
29.12.2017 10:14
anara-anara
Nursema, ооба мага дагы.
29.12.2017. 13:22
 jigitaly
Сөздөрү жакшы
29.12.2017. 17:02
 AlibaevO
Добулбастан ушул эле ырдап жататко берки жигиттерчи?
30.12.2017. 03:20
 timur01
Ильяс мыктысын досум алга
01.01.2018. 18:14
 arteleva97
Азаматсын!Эң мыкты.
02.01.2018. 12:03
 ANVAR.67
Булуттардан көрөм сенин элесин
Ал сен эмес бирок сенин элесин
Деген ырды ким ырдайт
11.01.2018. 23:33
 Amir2010
Сонун
09.02.2018. 11:10
 Nurik1988
Жакшы чыгыптыр дайым алга
11.03.2018. 03:30
 aman94el
Молодец хит го бул да созун обонун озу жазган ырчылар чыныгы таланттуу инсандар да дагы да чыгармачылык ийгилик
11.03.2018. 03:32
 aman94el
Админ сураныч Айтурган Эрмекованын ырларынан анан Жар-Жар деген ырын киргизип койгулачы...!?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо