Султан Садыралиев, Марсиана "Махабат дастаны"
04:38
7,43 Мб
Жүктөлгөн: 02-01-2018
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.47/5
(15 добуш)
Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап санаам бөлүнүп.
Кайгыга салдың, карындаш,
Картайган кезде көрүнүп,
Мен картайган кезде көрүнүп.

Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам...

Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Үгүлүп, санаам сөгүлүп.
Убайга салдың, карындаш,
Улгайган кезде көрүнүп,
Мен улгайган кезде көрүнүп.

Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Махабатым сизге арнагам...

Болумуң толгон ай белең?
Болжошуп күтчү жай белең?
Бой тумар сындуу, периштем,
Боз улан кезде кайда элең?
Мен боз улан кезде кайда элең?

Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам...

Комментарийлер (16)

03.01.2018. 09:50
 kilim
Жакты кыздын уну соонун экен
03.01.2018. 12:39
 Rasul94
Марсиана ийгилик каалайм.унун укмуш экен
04.01.2018. 02:48
 Kuttubek.1322
Жакшы чыгарма экен. Ийгилик, үңүңүздөргө сөз жок
07.01.2018. 09:27
 sabyr86
Ар кайсы ырдын создорун алып ырдап алышыптыр го,обонун болок кылып.
20.01.2018. 12:49
 ckopnuol-l
Ушул ырдын қомуз менен ырдаған версиясын қайдан тапсам болот?
20.01.2018. 15:58
 Stal.muradilov
Жакшы аткарышыптыр унуорго береке ....
30.01.2018. 03:07
 aza-aza
Бали Султан
15.02.2018. 17:05
 kakukani
Аябай жакшы ырдапсыздар чыгармачылык ийгилик сиздерге
16.02.2018. 22:33
 Zakirov123456789
Магада жакты сонун чыгыптыр
17.02.2018. 19:52
 Medinaa
Сонун чыгыптыр
27.02.2018. 09:19
 Isco23
Марсиана жакты голосун
05.03.2018. 01:27
 Zainidin96
Абдан жакшы чыгыптыр журоко жеткире ырдашыптыр азаматсынар онорунор оркундой берсин ийгилик каалайм
06.03.2018. 09:36
 ZHYRGAL.balalaika
Сөз жок.Жакшы чыгарма уккулуктуу болуптур.
14.03.2018. 19:16
 janym-90
Соонун мага жакты
18.03.2018. 21:04
 Han1
Соонун экен
22.01.2019. 01:12
 diar_1113
Абдан сонун ырдашыптыр ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо