Алмаз Шаадаев "Эми мага баары бир"
03:49
3,51 Мб
Жүктөлгөн: 12-01-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Гүлжигит Сатыбековдуку
Обону:Гүлжигит Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.64/5
(22 добуш)
Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби,
Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби.
Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби

Кайырма:
Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Жоктугума шүгүр дейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби
Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби
Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул селсаяк түтө берет дедиңби,

Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби,
Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби,
Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби,
Эми, эми мага баары бир
Куйрук эмес буйрук жейсиңби
Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби

Кемибестен ырыскым толо берет дедиңби,
Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби.
Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби
Айтканымдын баарын эп көрүп
Бул бечара жүрө берет дедиңби
Көнө берет дедиңби

Кайырма:

Комментарийлер (44)

12.01.2018. 21:19
 nurgazy1115
жакшы болуптур күтүп жүргөн элем рахмат
12.01.2018. 22:52
 Bodibilding
Ушинтип бироонун ырын кайталап ырдагандан уялсанар боло.
12.01.2018. 23:48
 barcafan
Жаны ыр ырдап чыкса болмок. Даяр ырды ырдап жыргабай. Мээнет да кылыш керек
13.01.2018. 01:10
 tuki
Даяр ырды деле ырдаш оной эмес эн сонун ийгилик брат
13.01.2018. 01:39
 abubakry
ээ алмаз шаадаев жакшы ырдапсын молодец бирок устундо бироонун ырын ырдагандан уялбайсынбы дешиптир алар оздору лёгкая музакалардыда ырдай албайт ойлонбо деп куч дух
13.01.2018. 01:41
 AlibaevO
Жакшы ийгилик дейбиз эми Админ. Алмаз байкенин Ата Эне ырын жүктөп койгулачы сураныч
13.01.2018. 08:27
 taiyr00kg
бул ырды Ернер Айдар ырдачы беле
13.01.2018 13:22
Baby_kg
taiyr00kg, Кайрат Нуртас ырдачуу
Комментарийлерди жашыруу
13.01.2018 17:18
dastan_nookat
Baby_kg, Кайрат да ырдабайт ернар да ырдабайт башка биро ырдайт атын унтуп жатам сайта бар казакчасы издеп корсонор
14.01.2018 01:31
Alman__kg
dastan_nookat, Понти жорабеков ырдайт болуш керек
13.01.2018. 22:14
 temirov76
Урматтуу админ,махабат дастаны деген ырды комузда дует м.н кимдер ырдайт айтып коюңуздарчы
16.01.2018 16:58
GOLOS
temirov76,
https://www.super.kg/media/audio/212191
13.01.2018. 22:45
 lion1992
жон эле койбоптурда жакшынакай ырды
14.01.2018. 01:57
 satiev87
Байчачакей дейби?
14.01.2018. 15:38
 timur01
Алмаз молодец мужиксин сен не кылсанда боло берет суйлогондор суйлой берсин
14.01.2018. 16:58
 sabyr86
Куйрук эмес буйрук жейсинби деп туура эмес ырдагансын,Алмаз кайерде кордун буйрук жегенди,буйрук эмес куйрук жейсинби болот.Гулжигиттен деле такөап алсан болот да соз деп эле ырдай бербей.
14.01.2018. 21:10
 Maks_shop
админ Венера Назаралиеванын менин жарым Россияга кетти деген ырын жуктоп койгулачы?
15.01.2018. 03:17
 Karavancity
Супер инфону колдонучулары Жаным жаным арайлап аткан таным сенсин багым багым ушул ырды Ким ырдайт же жуктоп койгулачы казакча ыр
15.01.2018. 09:46
 Bazake
Суппер!
15.01.2018. 10:52
 adi_ko.kg
Казактар которуп ырдагонго ошонун эле музыкасыго
15.01.2018. 11:20
 Aktilek310393
Жакшы ырдаптыр
15.01.2018. 12:54
 Usow
Ушул ырды сен калдын эле ырдабаган Алмаз жакшы кылыпсын ырдап бирок башкача ритмде ырдасан болмок же ырдабайле койбопсун.
16.01.2018. 03:07
 bagira77
Гулжигит Сатибековдуку го. Казактыкы эмес.
16.01.2018. 13:26
 gulaza
Сонун болуптур жайлапсин Алмаз
16.01.2018. 15:53
 Suluwka_1992
Супер эмнеге Бек Борбиевдин ырлары жок???
16.01.2018 16:07
admin_media
Suluwka_1992,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өз суранычы менен порталдан ырлары алынган.
Комментарийлерди жашыруу
16.01.2018 16:16
Suluwka_1992
admin_media, рахмат. Туугандар Бек Борбиевдин 50 жаш деген ырынын минусу болсо болушкулочу. Абдан керек болуп таппай жатам.
16.01.2018. 22:53
 ernis--90
Сыймыктансак болот ! Жакшы ырды андан да жагымдуу кылып чыгарганы да эмгек сиңирүү.Бар бол Кыргыз Эли!
17.01.2018. 02:36
 Oliver
Минусу чыкканбы ким билет билгендер жаза кеткиле кутом.
17.01.2018. 11:12
 Zooro1977
Жакшы ырдаптыр укса болот кайталап кайра кайра.
17.01.2018. 14:14
 Nada
Баарибир Гүлжигитке жетпейт. Муңдуу ырды супсак кылып койуптер же тез же акырын эмес
17.01.2018. 23:30
 Pandora
Музыкасы озунчо эле индийскийго))) Укса болот жакты.Гулжигиттен жакшы же жаман ырдаптыр деп айта албаймын мага жакты.
07.03.2018. 14:47
 kanat_myrza
соонун болуптур жигиттин гулу! Клип дагы соонун, унун дагы соонун болуптур! Кыскасы МАЗАСЫН чыгарыптырсын!
09.03.2018. 09:38
 -firdaus-
Ырды аткаруу да уну дагы соонун.Клиптида жакшы аткарышкан... чыгармачылык ийгилик Фаримдам деген ырындай эле хит болотко...
29.03.2018. 09:49
 Айдай
Уга бергенден чарчаганда и тажаганда жокмун абдан жакты!!!
18.04.2018. 08:40
 Leili
Сонун ыр Гулжигит байкеге данк дунк
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо