Нурлан Насип "Мени унут"
04:04
6,53 Мб
Жүктөлгөн: 26-01-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Эдил Маматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(18 добуш)
Сөздөрүм ырларымда угуп кой,
Жетинип айта албаган
Келечек күнгө болбо сен тоскоол,
Өткөнгө кайтып бара албайм.
Алгачкы махабатты берген деп
Өзүңдү эч жашыра албайм.
Ашыктар болгонбуз биз ээрчишкен,
Ал күндөр эми кайтпаган.

Кайырма:
Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө,
Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө.
Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө,
Мени унут, убакыт дары күндөргө.

Сезимдер сага деген муздады,
Көңүлүм жүрөт тартпай.
Мендеги жашаган сүйүү бүттү,
Эми кайра ал жаралбайт
Жүрөктө жылуулук калды өчүп,
Сагынбай калдым сагынбай.
Себебин билесиң ичтен туюп
Ал күндөр кетти, кайрылбай.

Кайырма:

Комментарийлер (39)

26.01.2018. 14:38
 mukanbet00
ооо мен күткөн ырго чоң рахмат!
26.01.2018. 15:31
 mambet.kamalov
Класно
26.01.2018. 15:53
 okumushtuu
сонун эн мыкты денгээлде
26.01.2018. 16:38
 tuki
Элдин баары сурашып атса шумдук ыр деп элестетип алыптырмын окшош кайталанма
26.01.2018. 16:56
 FCB-MSN
Мыктыны мыкты деп айтыш керек. Бали Нурлан! Дерзай!!!
26.01.2018. 19:08
 ali.95
Админ кечиресиз Улан Осмон уулунун Сагыныч деген ырын жуктоп кое аласыздарбы ? (Т.Бектургановдун)
26.01.2018. 19:09
 Altynmerim
Мен кутуп журдумле рахмат Супер
26.01.2018. 19:29
 Elnuram090
озгочолук жок озу Нурландын ырларын угам жакщыле бирок Асел экоо ырдаган ырында бир эле жолу уктум бул ырды да кайра кайра уккан жокмун бирок Журогум ырын кайра кайра угамго
26.01.2018. 20:17
 Zarlyk.322
Музыкага шашпай кээнири ойлонуп атып дерзка иштегилечи,чет элдин музыкаларын тушунбосок дагы угуп журобузго,себеби музыкасы жокшы иштелет.
26.01.2018. 23:34
 Achi_01kg
Зынк
27.01.2018. 00:17
 Bakyt.A
Супсак
27.01.2018. 01:14
 Miji2
албетте журок ооруган кезде жакшы эле жан кейитет
27.01.2018. 03:15
 nur5505
Сонун ыр ийгилик Нурлан
27.01.2018. 05:54
 Dembele84
Сонун,элге синип кете турган уккулуктуу ыр экен
27.01.2018. 12:22
 Mirima
Админ саламатсынарбы Замир Мырзанын "алло,апа" ырын жуктоп коюсуздарбы, сураныч?!
27.01.2018. 15:01
 klara97
Мага да аябаааай жакты. Ийгилик!
27.01.2018. 20:51
 kuba_raper
Урматуу админ "Мирхан-бир сен учун"деген композицияны жуктоп койунузчу сураныч
27.01.2018. 21:08
 kilim
Аягына чейин угалбадым
28.01.2018. 00:36
 okumushtuu
эн мыкты. Коро албагандар карабагыла уга албагандар укпагыла. Силерден сураныч. Ал эми ыр уккулуктуу.Сонун. Нурлан кыргыз элине берилген талант.
28.01.2018. 01:10
 Kuyoo_bala
Жакпады,башын эле угуп чыгып кеттим
28.01.2018. 01:40
 Redmi
Жакуся (форумчу кыз) эжекебиз жазган турбайбы,сонун!
28.01.2018. 09:18
 melek1
Админ Нурлан Насиптин жаны жылда Ала-Тоо аянтында бек байкенин ырын ырдаган эле жуктоп койосуздарбы сураныч
28.01.2018. 10:06
 DAKS
Аселге мени унут деп ырдап атканго
29.01.2018. 10:15
 Daniyar02
Жакшы ырдапсын братан ишиңизге ийгилик
29.01.2018. 10:30
 admin_media
melek1, kuba_raper, Mirima,ali.95,
Саламатсыздарбы! Сунуштар эске алынат, рахмат.
29.01.2018. 13:53
 Janybai
Не деген музыка бул
29.01.2018. 21:54
 Rimanto
Сонун ыр болуптур Нурлан Насип алга!
14.02.2018. 12:45
 Kuban92000
Абдан жакшы ийгилик Нуке байке
26.06.2018. 00:38
 kubanych92
Зынкго зынк
23.09.2018. 11:43
 Zaki.79
Жакшы ыр экен уккулуктуу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо