Турдакун Ниязалиев "Кызыма"
03:55
6,3 Мб
Жүктөлгөн: 13-02-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Т.Ниязалиевдики
Обону:Т.Ниязалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.45/5
(11 добуш)
Жаркырап тур, жарыңа күлүп жайнап,
Сылык сүйлөп, сөздөрдүн гүлүн тандап.
Башыңды ий, ал сенин падышаңдай,
Мээрим төккүн, күн, айдай сүйүүң арнап.

Кайырма:
Алга сүрөп, өйдөдө өбөк болгун
Дайым колдоп ылдыйда жөлөк болгун.
Кайгы басып, башына сыноо түшсө,
Жанында бол, таяган тирек болгун.

Өйдө-төмөн, турмуш оор татаал болот,
Бирде бакыт, кээ күнү катаал болот.
Ынтымакты туу тутуп жашаганда,
Ырыс орноп, башыңа бакыт конот.

Кайырма:

Гүлдөй болгун, ал сага белдей болот,
Күндөй болгун, ал сага жердей болот.
Кечиримди ар дайым алга койгун,
Мына ошондо үйүңө кут орнолот.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

13.02.2018. 15:31
 salimbek87.kg
Азаматсын +55555
13.02.2018. 15:37
 kubanychjur
Ар бир ата кызына насаат кылып ырдай турган, ыр болуптур. Баракелде, чыгармачылык ийгилик
14.02.2018. 10:21
 Bakyt.A
Орто
14.02.2018. 22:35
 Gulzina1993
Керемет создор баракелди..... Жан дуйнон эс алат.
15.02.2018. 03:42
 Avangard
Жан дуйнонду жибите турган ыр болуптур
15.02.2018. 16:10
 Baha.Kent
Жакшы ыр экен. Аткаруусу да жакты
22.04.2018. 13:21
 Rezhapov
Эн жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо