Самара Каримова, Юлия Руцкая "Курбум"
03:51
6,2 Мб
Жүктөлгөн: 23-02-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Сайра Батыркулованыкы
Обону:Баглан Бабижандыкы
Көчүрүү
  • Currently 3.89/5
(9 добуш)
Бийигиңе сөз жеткис, аруу жансың ай,
Асылындай асылдын, кубатымсың жан курбум.
Кайрыгындай ушул жакшы ырдын,
Жарык чачып дайыма, жөлөгүмсүң ай,
Тирегиндей бактымдын, жанымдасың жан курбум.
Тартуусундай ушул тагдырдын,

Кайырма:
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.

Ачып сага бүтүндөй жүрөгүмдү ай,
Тең бөлүшкөн сырдашым, көңүл баккан жан курбум.
Бийик сага сыйым-урматым.
Бакыт берген сезимге балалыктын ай,
Бирге бастык жылдарын бул өмүрдүн жан курбум.
Бир көрөлү дагы жыргалын.

Кайырма:
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Бир көрөлү өмүр жыргалын.

Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Бир көрөлү өмүр жыргалын.

Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.

Комментарийлер (15)

23.02.2018. 16:46
 TILEK_PHOTOGRAPHER
23.02.2018. 18:23
 salamat93
Анча эмес жакпады.
23.02.2018. 22:03
 femida86
Эх, Самара, уну, сулуулугу, бардык жагы топ келген аял. Юлиянын вокалы да жакшы экен
26.02.2018 14:21
FCB-MSN
femida86, толугу менен плагиат. Казактардан которулган. Каракат менен Мадина ырдаган. Оригиналы зор.
24.02.2018. 01:06
 Adam90
Гүлбүбү Орозкул кызынын "женелер" атту ырын жүктөп койсонуздар жакшы болот эле.
26.02.2018 10:54
admin_media
Adam90,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
24.02.2018. 16:38
 Rasul94
администрация.Жылдыз осмоналиева менен Светлана назаренконун дарак ырын кайдан тапсак болот
26.02.2018 11:52
Гүлжан Асанкожоева
Rasul94, https://www.super.kg/media/video/216213/ Суранычыңыз шилтемеде.
25.02.2018. 23:39
 Zainidin96
Админ мен издеген ырды таап бере аласынарбы
26.02.2018 10:53
admin_media
Zainidin96,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо порталга жүктөлөт.
26.02.2018. 09:52
 bek-94
· Сунушуп жемиш жесек
таттуу болбойт. Адамдан ажырашуу оңой
эмес, Буркурап жүрөктөрдө бороон
боздойт. Болду эми суулар акпайт биздин
сайдан, Суусаймын көрүп калсам сани ушул ырды жуктоп койунуздарчы админ
26.02.2018 10:52
admin_media
bek-94,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Ырдын атын же аткаруучусун жазып коюуну сунуштайбыз.
07.03.2018. 09:23
 bela77
Однозначно бул ырда Руцкая рулит..Самаранын уну жоголуп кетиптир то есть чачырап кетиптир ноталары...
10.03.2018. 06:41
 sabyr86
Эмгек синиргендердин ыры ушу болсо((((
13.05.2018. 14:36
 Fresh_hit
Азаматсынар! Супер голос,супер ыр! Супер порталда!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо