Ильяз Андаш "Айылым"
03:32
5,68 Мб
Жүктөлгөн: 13-03-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Бакыт Оторбаевдики
Обону:Эдил Гайфулиндики
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(2 добуш)
Жашоого жаралып өз койнуңдан,
Озандым бал ширин булагыңдан.
Бөлөнгөм арча жыт бешигиңе,
Үзүлбөй санжыраң, дилимден жаңырган
Айланам таңындан, нур мончок тагынган
Өзүң деп суранам жараткандан.

Кайырма:
Айылым, айылым туулган жерим,
Искеймин кымыздай жытың сенин.
Алыста сагынат уул-кыздарың,
Аманбы меймандос элим менин.
Карагай мөңгү суу, арча-кайың,
Тарабайт кумарым барган сайын.
Башталат башааты бул жашоомдун,
Киндик кан тамган жер, айылым.

Суктанып даалайлар көзүн артып,
Кеткендер келишет кайра кайтып.
Акын да сөз менен жеткире албас,
Ак пейил элиңди, асыл төр жериңди.
Көлүңдү, кениңди, күч берген элиңди,
Бейиштин төрүңдөй илебиңди.

Комментарийлер (3)

14.03.2018. 00:46
 okumushtuu
Эн сонун чыгарма аманбы мейман дос элим менин сагындым айылым эх
15.03.2018. 11:22
 NURTILEK_KG
Тексттин чыгарып койосуздарбы сураныч
15.03.2018. 22:39
 ksb
Ушу бала өзү азамат!!Мыкты үн,мыкты ырчы,мыкты аткаруу!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо