Алтынай Нарбаева, Мирбек Атабеков "Мен сени сүйөм, өмүр"
04:30
7,24 Мб
Жүктөлгөн: 23-03-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Которгон Жылдызбек Турсунбаев (Жадыра Байбуланованыкы)
Обону:Элкожонуку
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(30 добуш)
Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да,
Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да.
Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Кайырма:
Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
Алдың го жаштыктын жазын далай.
Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Берерин билбеймин али эртеңдин,
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да,
Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да.
Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да,
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Кайырма:

Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга,
Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга.
Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...

Кайырма:

Комментарийлер (34)

23.03.2018. 18:13
 mirba93
Ен жакшы мыкты денгеелде ырдашкан мен сени суйом омур
23.03.2018. 19:17
 Esmanur34
Бул ырдын саунтрегин көрдүм.Ыйладым
20.05.2019 17:37
radostmoya
Esmanur34, балким, клип.
12.09.2019 08:20
radostmoya
Esmanur34, саунтрек киного болот. Клибидир балким?
23.03.2018. 20:30
 kilim
кандай гана соонун чыгарма
23.03.2018. 21:57
 Altynmerim
Рахмат супер. Издеп таппай жаткам.керемет чыгарма
24.03.2018. 01:29
 DAKS
Коздон жаш тып тып агатта
24.03.2018. 11:56
 Mina24
Жакшы соз жоок азаматсынар мааниси эн мыкты
24.03.2018. 12:19
 Pandora
Мыкты аткаруучулардан,мыкты аткаруу!!! Азаматсыздар!!! Тим эле журокту тилип отчу чыгарма,баары бир бирине топ келген.
24.03.2018. 12:42
 chefull
Нурлан Насиптин "Жаз Гулу"деген чыгармасын жуктоп койосуздарбы? Сураныч
24.03.2018. 16:01
 ksb
Мирбектин ар бир аткарган ыры шедевр болуп калат,Алтынай эже да сонун аткарган!!! Азаматсынар,канча уксам да тойбойм ушул ырга,жазган авторлор да мыкты экен.Сөз жок,КЕРЕМЕТ!!!
24.03.2018. 19:45
 jyzka87
Жашоого ундогон, мааниси терен соонун чыгарма. Азаматсыздар. Ийгилик.
24.03.2018. 20:16
 kilim
клибин дагы жуктогулочу админ
27.03.2018 12:36
admin_media
kilim,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталга жүктөлөт.
25.03.2018. 01:13
 AzKumFerDan
Ох чиркин мынча сонун ыр
25.03.2018. 18:42
 myshyk
Ырдын сөздөрүн жүктөп коёсуздарбы?
25.03.2018. 21:51
 maks93
Мирбек Атабеков ырдаган ыр ардайм сонун болот!
26.03.2018. 00:22
 .Sheke-brat.
Керемет...
26.03.2018. 11:12
 over
Махабат майданында бирге баспай калабызбы деген ырды таап бериңиздерчи
26.03.2018 15:32
admin_media
over,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Ырдын атын же аткаруучусун жазып коюуну сунуштайбыз.
27.03.2018. 21:29
 kubanychbek
Сонун ыр болуптур
28.03.2018. 15:58
 smm
Мирбек озу эле ырдаганда соонун болмок экен!
30.03.2018. 19:23
 Bazana
Мирбек сыйлыгына татыктуу экен.
31.03.2018. 19:36
 Stal.muradilov
Мирбектин уну жакшы башка чыкпайт го Мирбектей азаматсын ийгилик.
01.04.2018. 02:05
 Aima94
Божественная песня! Соз жоок алга!!!!! Азаматсыңар
02.04.2018. 21:44
 Aruwka.89
Негизи Атабеков жалан гана Маанилуу ырларды ырдайт! Кее бир ырчыларга окшобой
08.04.2018. 01:02
 Raiyan-95
Over!Ал ыр толук бұтпөй туруп автордун уруксатысыз чыгып кеткен.Ошондуктан суперде азырынча жок.Ал эч бир сайтка автор тарабынан жүктөлбөгөн(ыр урдагандар жүктөп салбасале)
21.04.2018. 14:23
 SaIixa
Сонун ыр.
22.04.2018. 07:30
 maisalbek_93kg
Саламатсызбы admin_media Алтынай Нарбаеваны тойго чакырайын дегем тел номерин кандай алсам Болот?
01.07.2018. 09:20
 cholpon119966
Саламатсыздарбы админ жана музыка суйуучулор. Мага "Жубайсыз кыйын тура бул жалганда" деген саптары бар ырды табууга жардамдашып койгулачы...
07.12.2018 23:22
Mr.KUBA
cholpon119966, https://www.super.kg/mobile/media/audio/104497
19.07.2018. 10:57
 kadam
Обону казак композитору Роза Элкожого таандык.Казактын бул ырын бизге тааныткан эки ырчыга Алкыш. Бирок, эки ырчынын тембри дуэт үчүн көп анча төп келбептир. Себеби, Мирбектин диапозону м-н Алтынайдыкы эки башка,ырдоо стили да такыр бөлөк.
Эң акыркы сапта Мирбек сфальшивил.Оңдоп койсо болмок монтаждан.Өз-өзүнчө ырдап чыкканга эң сонун ыр.
14.01.2019. 11:51
 binur5
супер инфо клиптеги саунтрек кайсыл кинодон узунду сураыч айтып жооп жазып койунуздарчы.
25.02.2019. 03:23
 K.peri96
Oorup kaldym bul yr m.n
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо