Айбек Касымов "Эңсөө"
03:16
7,51 Мб
Жүктөлгөн: 01-05-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Аскар Исаевдики
Обону:Атайбек Бодошевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Закылдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.

Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.

Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.

Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл ээлеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да журөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.

Комментарийлер (8)

01.05.2018. 15:38
 Siren.ms
Эн мыкты чыгарма! ушул ырды уксам эле эс алгандай болуп каламда уну аябай керемет байкеда
01.05.2018. 16:25
 nurii
Текстин кошо жазгылачы сураныч.
01.05.2018. 22:11
 Mikra
Соонун чыгарма.
Эстен кетпейт эски ырлар.
01.05.2018. 23:09
 Sabyr_Baymatov
Мыкты ыр
03.05.2018. 01:26
 Brejneva
Ушул ыр менен ооруйм да. Айбек байкенин дагы сонун ырлары бар эле. Админ дагы жүктөңүздөрчү????
"Көлүмдүн сулуу кыздары", "Жоолугупсуз мага бекер сиз", "Ак чыны" ж.б
03.05.2018 09:55
admin_media
Brejneva, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
04.05.2018. 00:44
 Baatyr.ali
Ыр сонун текстин жазгылачы
14.05.2018. 14:56
 Baatirbek81
Жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо