Самара Каримова "Менин атам жакшы адам"
03:48
6,1 Мб
Жүктөлгөн: 08-05-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Сайра Батыркулованыкы
Обону:Жолдошбек Абдихановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.62/5
(13 добуш)
Алладан кийинки чеберим, жан ата жан жүрөгүм.
Санаамдын күч кубат демисиң, сүрөөнсүң тирегим.
Калтырбас аязга, ызгаарга, таянар тоо аскарым.
Жан атам, жанымда сиз барда жапжарык ар таңым.

Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.

Ыр менен кабыл ал даанышманым,
Кызыңдын сый-урматын.
Атакем айкөлүм, асылым, эң мыкты устатым.
Эңсейт да кызына ар ата, элде жок бак орношун,
Мен үчүн, жан ата, бийиктик өзүңдөй болгону.

Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.

Комментарийлер (24)

08.05.2018. 13:16
 s81
Эн мыкты
08.05.2018. 20:15
 dosym
Эң мыкты үн
08.05.2018. 22:11
 Minura90
соз жок!!! соонун
09.05.2018. 08:22
 Osh2017g
Ырынарды уга электе кандай ыр экенин билип деле калдык. Ырчылар обонунар голосунар ошол эле мурунку. Кичине жанылык киргизип ырдагылачы баягы эле эски ырдын созун эле алмаштырып койосунар болду. Жаны ыр деп ырдай бересинер
09.05.2018 12:45
Hacker99
Osh2017g, Орой сын тагасын озунчо эле, зорбусун ушунчалык? Зор болсон онорунду корсотпойсунбу? Бироого чын тагаардан мурун ошол адамдын ордуна озунду коюп кор, ал басып откон бардык жолду басып кор анан сын так. Адам озунун кемчилигин билип анан башкалар менен иши болсо болот. Сен азыр озундун кемчилигинди билесинби?
09.05.2018. 20:55
 klara97
Мага аябай жакты, обону башка ырларга окшош болгону менен берилип укканга жараша обон. Баары мыкты!
10.05.2018. 09:40
 admin_media
almanbetperm, karakulja, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат. Эскертүү!
10.05.2018. 22:25
 Rolly
Унуно баракелде Самара!!!
11.05.2018. 10:37
 CHYNGYZ_MAMATOV
Эң мыкты уккулукту ыр экен!
11.05.2018. 10:53
 AzKumFerDan
Жакшы.
12.05.2018. 22:40
 Pandora
Сонун!!! Атамжы сагынып турат элем унуп алып ыйлап ыйлап алдым,дагы деле павторго койуп алып угуп ылап баратам метродо баратсамда
13.05.2018. 14:35
 Fresh_hit
Алладан кийинки менин атам! Сонун,кандай жагымдуу ыр. Молочик.иштеп жатат.
15.05.2018. 22:49
 Aselya_9105
Бул ырды угуп отуруп, өзүмдүн атамды элестетип, жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү атама болгон сагынычым жанданды. Аталарга арналган, ата жөнүндө ырлар чыкса эле менде өкүнүч пайда болот. Анткени менин атам мындай ырларды укпай кетти.....
22.06.2018. 03:41
 aida2304
Текстин жазып койгулачы
22.06.2018 09:19
admin_media
aida2304, саламатсызбы? Сунушуңуз эске алынды, рахмат.
29.06.2018. 16:45
 ksb
Мыктыны мыкты деш керек,ыр да мыкты,аткаруучу да мыкты! Азаматсын Самара,өнөрүң өркүндөй берсин,жүрөктөн түнөк алган ыр болуптур!
23.09.2018. 07:50
 almanbetperm
Атан кандай киши экенин билебиз, кызы ниторак
26.09.2018. 10:06
 buduz-80
Админ. ушул ырдын текстин жазып койсонор жакшы болот эле, алдын ала рахмат !!!
10.10.2018. 23:51
 Suior85
Азаматсын Самара
24.11.2018. 04:13
 chika-chika88
Менин Атамдаа эээннн жакшы Адам)))) Сонун чыгыптыр аябай жактыы зор!))))
01.04.2019. 01:35
 my_Opinion
Ээ балли молодец Самара.бар экенго биздеда жакшы ырчылар,ушундай ырды ырдап бизге жеткирип атканына сага чоон рахмат бар бол бактылуу бол.ырдын темасын жакшы тандапсын и жеткире уккулуктуу кылып ырдапсын молодец.менин атамда жакшы адам болгон,и омур бою жакшы адам болуп кала берет журогумдо.ата жаткан жериниз жайлуу болсун,бейиштин торун корун ылайым.
25.10.2019. 14:56
 Sarywkin.sarywkin
кимде минусовкасы бар достор
?
01.11.2019. 15:13
 chika-chika88
04.11.2019. 10:38
 Prokuror
Акыйкат, таза ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо