Ильяс Кудретов "Ата"
03:45
5,17 Мб
Жүктөлгөн: 29-05-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Ильяс Кудретовдуку
Обону:Ильяс Кудретовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Жашап иштеп алыс жакта,
Келген элем бала чакта,
Убакыттар өттү го, ата.
Тирүүлүк деп жанды багып,
Дүнүйөгө азгырылып,
Баралбадым, болбочу капа.

Кечээ эле бала элем,
Атаке деп мен эрчигем,
Мына бүгүн болдум мен ата.
Кадырыңыз эми билдим,
Түйшүгүңүз эми сездим,
Мына бүгүн болуп мен ата.

Кайырма:

Сагынып, сагынып, сагынып
Атакемди мен.
Сагынып, зарыгып, жүрөмүн
Алыстап сизден.
Атакем, атакем, берекем
Сагындым го сизди.
Барамын, барамын, барамын
Буйруса айылга.

Эске түшөт бала чагым,
Атакем жайып кучагын,
Тосуп алчу бооруна кыса.
Болсом дагы азыр ата,
Сиз үчүн мен дале бала,
Эстей берем болгондо куса.

Жаш кезимде түшүнбөпмүн,
Атакебай айткан сөзүң,
"Балалуу болгондо билесиң" деген.
Кези келип мен түшүндүм,
Атакебай айткан сөзүң,
Мына эми болуп мен ата.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

29.05.2018. 13:39
 AlibaevO
Эң соонун Чыңгыз Турдубековдун Окуучу деген ырын жүктөп койгулачы???????
29.05.2018. 17:57
 pochtalyonin
Сонун
29.05.2018. 21:05
 Asan_Nookatk.kg
Рахмат сөзүн жүктөп койугулачы
30.05.2018. 00:01
 Rasul94
Ушунун уну жакпайт
10.06.2018. 15:35
 2000_kg
кайырмасы ырды бузуп коюптур
09.09.2018. 02:53
 Nitro
Мыкты ырчы . Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо