Самара Каримова "Издебечи"
03:57
6,34 Мб
Жүктөлгөн: 04-07-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Ибрагим Жунусовдуку
Обону:Ибрагим Жунусовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Асылым, үшкүрүнүп кыйнабачы,
Алданып үмүтүмө ыйлабачы.
Жамандап жазыгы жок бир пендени.
Жанар тоо атылгандай кыйрабачы.

Кайырма:
Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи,
Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи.
Куш болуп боосун тытып учуп кеткен,
Көзүмдөн махабатты издебечи.
Издебечи!

Асылым, неге мынча үшкүрүндүң?
Сүйүүнүн кайгысыбы үшкүрүгүң?
Жалынба, жалдыраба, кайра-кайра.
Алданбайм алданбаймын, жаным сага.

Кайырма:
Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи,
Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи.
Куш болуп боосун тытып учуп кеткен,
Көзүмдөн махабатты издебечи.
Издебечи!

Комментарийлер (12)

04.07.2018. 15:07
 Batma.Sh
Сонун!
04.07.2018. 15:39
 Asan_Nookatk.kg
Укканга Болот жакшы сонун
04.07.2018. 20:09
 sapargul
Сонун. Нюанстарын жакшы иштептир. Азаматсыз. Классикаларды күтөбүз
04.07.2018. 21:00
 Begimay.emir1
Бул ырдын эски варианты жакшы чыккан. Жакшы ырдай албаптыр
05.07.2018. 00:23
 Sarana
Сонун чыгыптыр! Азамат!!!
05.07.2018. 13:29
 Minura90
соз жок!!!!
05.07.2018. 18:27
 Sarana
Сөзүн жазып койгулачы сураныч!
05.07.2018. 20:26
 Stal.muradilov
Жакшы ыр экен..ийгилик..жакшы ырдаптырсын..
06.07.2018. 16:41
 baku24
уну ничке болуп бузуп койгон.
12.07.2018. 15:12
 Dj_Maksat
Самара еже ийгилиик дайыма
16.07.2018. 11:52
 dina
Жакшы ыр, Элегия тобу да сонун ырдачу
31.10.2018. 19:53
 Stal.muradilov
Сонун ыр...ийгилик...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо