Айпери Кулбаева "Ак тилек"
03:47
6,08 Мб
Жүктөлгөн: 11-07-2018

Эльзар Өмүров менен биргеликте ырдалган
Жанр: Эстрада
Сөзү:М. Осмоновдуку
Обону:М. Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Жараткан жашоо берген баарыбызга,
Ар түрдүү тагдыр жаза багыбызга.
Өмүрдүн ар бир күнү текке кетпей,
Жароокер жарың болсун жаныңызда.

Кайырма:
Дайыма күлкү бассын санаабызды,
Эр жүрөк, эстүү кылсын балабызды.
Тирүүлүк кырын ашып кеткичекти,
Урмат-сый курчап турсун арабызды.

Эркелеп жакшы тилек оюбузга,
Эрте эле түштүк бакыт жолубузга.
Себепчи биздин асыл тилегибиз,
Жол ачты далай бакка конуубузга.

Кайырма:

Кыялдар учуп конбой түнөгүнө,
Ар бир жан жетсин максат, тилегине.
Чын сүйүү ишенимдин бул эркенин,
Бек сактап келатамын жүрөгүмө.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

11.07.2018. 22:03
 Gimi_poi
Базар жок,соонун ырдапсынар,браво!
14.07.2018. 12:00
 Aitik
Орточо эле.
Жакшы ырлардын катарына кошалбайт элем
14.07.2018. 23:33
 bek-94
администрации Аида Маканбаеванын той ырын жуктоп койунуздарчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо