Жийдеш "Наринай"
03:55
5,41 Мб
Жүктөлгөн: 20-07-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Максат Тынаевдики
Обону:Андрей Догайдыкы
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Жагымдуу сенин кулкуң,
Кыялдарың миң түркүн.
Ааламда баары сен үчүн.
Табышмак сенин сырың,
Жанырат булбул ырың.
Сезимге бөлөп бардыгын.

Кайырма:

Таңдай, жаңы аткан таңымдай.
Кайдан келдиң Наринай?
Таңдай, агарып аткан таңдай.
Жаздай, жыпар гүлдүү жазымдай.
Кандай жансың Наринай?
Жаркып, жаркып келген жазымдай.

Бийле, бийле, бийле бийикке алгалай.
Наринай, Наринай!
Бийле, бийле, бийле бийикте жаным ай,
Наринай, Наринай!

Жалындуу сезим жанат,
Жан дуйнөңдө махабат.
Алдыга сени чакырат.
Келечекте куч кубат,
Ар дайым курчап турат.
Бул жашоо кызык саякат.

Жаратканым сени колдоп,
Берсин аруу тилегин.
Жакшылыктар сени жолдоп,
Сага болсун тирегиң.
Ийгилигиң эгиз болуп,
Демин берсин жаныңа.
Кубантып сени дайыма,
Кубантып сени дайыма.

Болсун,
Бакыт кушу сага консун.
Жаркыра маанай,
Сенде болсун бак-таалай толсун,
Махабатка жүрөк толсун.
Жароокер кыз ай,
Наринай, Наринай!​

Комментарийлер (4)

23.07.2018. 18:42
 qursy
Сонун!!!
23.07.2018. 21:39
 esenbaev0903
Эң сонун жакты мага
01.08.2018. 09:54
 girl_g
азаматсыз Жийдеш алга!
01.01.2019. 20:57
 dastan_nookat
Мыкты ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо