03:12
5,13 Мб
Жүктөлгөн: 08-11-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Гүлшайыр Садыбакасованыкы
Обону:Гүлшайыр Садыбакасованыкы
Көчүрүү
Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман
Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан
Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган
Кандай жансың көз отунду байкабай калган
Кандай жансың көз отунду байкабай калган.
Кайырма:
Сырга айланган, ырга айланган
Жан, жан, жан жолуктуң кайдан
Акылдан алдың, азапка салдың
Жан, жан, жан жолуктуң кайдан
Сага деген армандарым айтылбай калды
Сени тиктеп көңүл черим жазылбай калды
Сезимдерге чокко салдың бей таныш жигит
Сарсанаада калган күнүм арылбай калды
Сарсанаада калган күнүм арылбай калды.
Кайырма:
Сырга айланган, ырга айланган
Жан, жан, жан жолуктуң кайдан
Акылдан алдың, азапка салдың
Жан, жан, жан жолуктуң кайдан
Акылдан алдын, азапка салдың.
Комментарийлер (12)