Урмат Усенов, Неля "Барбы кереги?"
04:07
6,62 Мб
Жүктөлгөн: 12-11-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Урмат Усеновдуку
Обону:Чыңгыз Турдубековдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Жаратканым жашоо жазганда,
Жалгыз эмес жандап алганга,
“Жүрөктөн сүйүп ал” деп түгөй бергенби?
Бирок жүрөк бирдей урбаса,
Сезимдерди алдап уурдаса,
Ал андай махабаттын барбы кереги?

Салыштырбай жашоон башкага,
Бар болгону сүйүү барктаса,
Жараткан пендесине ошол белеги.
Байлыгына бактың байласаң,
Жалган сүйүп, жалган ыйласаң.
Бүгүн бар, эртең бүтөр, барбы кереги?

Сен кубансаң, кошо кубанса,
Сен ыйласаң, сыздап ыйласа,
Ал ансайын күч алып сүйгүң келеби?
Күн тийгенде жүргөн жаныңда,
Алыстаса бүркөк маалында.
Ал андай ак сүйүүнүн барбы кереги?

Аруулукту бийик кармаса,
Ак куу сымал бирди тандаса.
Акыры бакыт сага өзү келеби?
Ак сүйүүнүн үйүн курбаса,
Аяп сүйүп, коргоп турбаса.
Ал андай махабаттын барбы кереги?

Сүйүү кымбат, сүйүү түбөлүк,
Махабатсыз жашоо бүдөмүк,
Өмүрдө сүйүп жашап, сүйүп өтөлү.
Жаратканым жашоо жазганда,
Жалгыз эмес жандап алганга,
“Жүрөктөн сүйүп ал” деп түгөй бергенби?

Комментарийлер (3)

12.11.2018. 15:20
 Myrzashka95
Мааниси терен ыр мазмундуу адамдардан
12.11.2018. 22:12
 Modric10
Нэлянын уну сонун да.администрация урмат Неля на востоке ырын таап бергилечи
04.04.2019. 22:21
 Adil-alina
Кандай кана соонун чвгарма ЧЫНГЫЗ КАЛЕМИН КУРЧУЙ БЕРСИН
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо