Сайкал Садыбакасова "Жан кызым"
03:49
4,39 Мб
Жүктөлгөн: 22-11-2018
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(4 добуш)
Ажарыңды ач, кызым, ай шоолаңды чач, кызым.
Бакыт жолуң ачылсын, жан кызым.
Таза сүйүү тамчысын, карма бакыт жарчысын.
Жаратканым жалгап, таалайыңды тап, кызым.

Кайырма:
Кудай берген, ай кызым, кыялдарга бай, кызым,
Бойго жеттиң мына, өз жолуңду тап, кызым.
Атакеңдин, апаңдын ак батасын ал, кызым.
Жараткандан тилейм, бактылуу бол, жан кызым!

Аппак сүтүн актагын апакеңдин, жан кызым.
Акыл сөзүн таштабагын, ай кызым.
Айың сөзгө салбагын атакеңди, жан кызым.
Кайын журтту сыйлап, акылдуу бол, ай кызым.

Кайырма:
Кудай берген, ай кызым, кыялдарга бай, кызым.
Бойго жеттиң мына, өз жолуңду тап, кызым.
Атакеңдин, апаңдын ак батасын ал, кызым.
Жараткандан тилейм, бактылуу бол, жан кызым.
Жараткандан тилейм, бактылуу бол, жан кызым.

Комментарийлер (7)

24.11.2018. 21:24
 obon
Азаматсың Сайкал
25.11.2018. 07:30
 izdeim_seni
Тойго да ээ мм)
25.11.2018. 17:10
 Shergazy_kg
Соонун
02.12.2018. 13:30
 datkayimjan
Кыз узатууда ырдала турган ыр
04.12.2018. 23:35
 duyshon.kg
Сайкал Максат менее жараш карындашым анан ырда
20.01.2019. 21:10
 Zotova
Сооонун ыр. Азаматсын Сайкал.
03.11.2020. 22:00
 Ernis98
сонун ыр болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо