Ильяз Абдыразаков "Балдарыма"
02:58
3,42 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Айсалкын Алибаеваныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(7 добуш)
Акырын шилтеп кадамды,
Бакытка бөлөп ааламды.
Эркелеп мага чуркашса,
Унутам баардык капамды.
Балдарым менин байлыгым,
Бакытыма тийген жарыгым.
Чоңоё берсин, аман соо,
Колдосун дайым, Кудайым.

Кайырма:

Асыл данегим, көңүл эрмегим
Секет болоюн, балдарым
Өмүр белегим, үмүт, тилегим
Силер үчүн, жашаймын.


Медерим болчу балдарым,
Мекенге тийсин жардамың.
Атанын уулу дегизген,
Ардактуу атка жарагың.
Эр жигит болуп чоңоюп,
Керектүү ишке жарагың.
Акталса эгер үмүтүм,
Болбостур, менин арманым.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

10.12.2018. 21:04
 Modric10
Жакшы ыр
11.12.2018. 00:26
 Tamara.99
Ильяз Абдыразаков кандай ыр чыгарбаныз ообону таттуу,сөздөрүн дамдуу чыгарасыз ,Ильяз байке эмгек синирген наам берсе экен канча жылдан бери күтүп келем ,кее бир ырчылар акча менен өтүп жатат ,берип калар сизге да .
15.12.2018 10:52
Ankel
Tamara.99, чындыгында туура, сөздөрүңө толугу менен кошулам. Кыргыз шоу бизнесинде эң изденген, эң мээнеткеч ырчы, обончу Ильяз Абдразаков деп ойлойм. Мамлекеттик сыйлыктарга толук татыктуу. Бирок быйылкы жылкы сурамжылоого мыкты ырчы номинациясына кошулбай калганы туура эмес болуптур. Супер.kg карап көрсөңөр медиа порталда Ильяздын ырлары саны, сапаты, кароолору жана комментарийлери боюнча эң алдыңкы саптарда турат. Ж
11.12.2018. 01:20
 Tamara.99
Админ рахмат сунушумду аткардыныз
15.12.2018. 23:30
 Zikokg
Гүлжигит Сатыбековтун өмүр аттуу ырын табышып койгулачы
05.01.2019. 17:15
 bem.03
Ыйлаба махабат деген ыры жуктолгон эмеспи Ильяздын?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо