03:27
7,91 Мб
Жүктөлгөн: 29-12-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Максат Кулуевдики
Обону:Максат Кулуевдики
Көчүрүү
Көргөнүмдө көчөдөн,
Көңүл оттой көзөлгөн.
Көк сулуум деп ырдаштан,
Кеммин чиркин Өтөдөн.
Өңүмдө эмес түшүмдө,
Болдум турмуш өтөгөн.
Кайырма:
Илбээсиндей басканың,
Имерилген каштарың.
Кайдан мага көрүндүң,
Карегимди жаштадың.
Боору белең асканын,
Боюм ылдый таштадым.
Түгөнгүр кайдан жолуктуң,
Түшүп кетти асманым..
Ошол күндөн,өмүрдөн..
Ой мүдөмдү төрт бөлөм;
Кан таламай турмуштан,
Кайра кайра өкчөлөм.
Жанар тоого, жамгыр бол,.
Дагы канча өртөлөм.
Комментарийлер (10)