Аскат Мусабеков "Эркинай"
03:37
3,32 Мб
Жүктөлгөн: 17-01-2019
Жанр: Поп
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Айла жоктон неттим ай,
Акылымдан кеттим ай.
Сүйүп калып сени, Эркинай.
Жолдоп айтып болгонун,
Жолболдудай Чолпонум,
Сен деп ырдайм
Мен да, Эркинай.

Кайырма:
Аттиң, неге жолуктуң?
Сени алам деп оолуктум,
Улуу кызым окуп калганда.
Үчүнчүсү төрөлүп,
Ак бешикке бөлөнүп,
Ортончусу басып калганда.

Тоодой ойду толгоюн,
Токтогулдай боздоюн,
Сүйгөнүм чын сени, Эркинай.
Ырга салып торгоюм,
Ырыспайдай боздоюн,
Сүйгөнүм чын сени, Эркинай.

Кайырма:

Бирге турсам жанашпай,
Бирге бассам жарашпай,
Каламынбы сага, Эркинай?
Албырып күйгөн чырактай,
Арманым деп Чубактай,
Каламынбы же мен, Эркинай?

Комментарийлер (7)

18.01.2019. 17:26
 erkinay.s
Ооо
19.01.2019. 04:40
 Ali-han
Кызды суйлотпой эле койбоптур. Ырды бузуп койуптур
19.01.2019. 07:05
 arena2014
Ырдыда бузуптур. Комузга салган ырлар жарашат экен бул ырчыга. Жамиляныда жакшы аткара алган эмес эле.
19.01.2019. 13:50
 Modric10
Аскат сен такыр жарабадын го
20.01.2019. 21:51
 jany-jer
Динара Акулова сүрөтүң берчи мага ырын жүктөгүлөчү. Эски ыр
22.01.2019. 18:24
 satiev87
Негизи автордун аткаруусунда ото жакшы чыккан. Аскаттын ырдаганы бираз окшобой калыптыр.
26.01.2019. 01:11
 ekaterinburg
Жап-жакшынакай эле окшогон.Булар таланттуу,эл чогултуп ырдап жургон ырчылар!Башка жактан мыкты болсонор болгондурсунар,ыр жактан эми унчукпай эле койгулачы!Тимеле критик болуп кетесинер да.Соп-сонун эле ырдаган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо