Мурат Ниматов "Махабатым арманым"
03:33
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 28-01-2019
Жанр: Поп
Сөзү:Таалай Бектургановдуку
Обону:Таалай Бектургановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(3 добуш)
Уурдатып жатам кимге жаштыгымды,
Улгайды сени көпкө көрбөй көзүм.
Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Окшото берчү болдум өзүмдү өзүм.

Мен үчүн сени сүйбөй койуу күнөө,
Бакыт деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.

Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болуу бирок мүмкүн эмес.

Түгөнгүм келет менин күтүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айларым күйүп-күйүп.
Кагазды өрттөсөң да күл калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп жанат.

Комментарийлер (3)

28.01.2019. 21:07
 saat1200
Оо, бали. Өнөрүн оркундой берсин жээним.
29.01.2019. 08:10
 Nursultan.m.n
Биздин убактагы муз... Эске салатго!!
02.02.2019. 02:20
 Zooro1977
Уккулукту ыр жакшы ырдаптыр алга алга ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо