МУЗАМАН тобу "Жубайыма"
04:11
9,61 Мб
Жүктөлгөн: 05-03-2019
Жанр: Поп
Сөзү:Эсенгул Ибраевдики
Обону:Майрамбек Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Бириктик жан болсок да эки бөлөк,
Мен сага, а сен мага тирек, жөлөк.
Мөмөлөгөн дарактай эне болуп,
Аппак уул, Кызыл кызды бердин төрөп.

Кайрыма:

Кыйбасым, кыйындыктан бирге болдуң
Ысыкка бирге күйүп, бирге тоңдуң
Бакубат ушул күндөр узак жашап
Убайын көрсөк экен, урматын көрсөк экен ошолордун

Тирликтин сапарына шыр аттанып,
Түндүктөн түтүн булап, чырак жагып.
Иштен келсең үйүбүз очор-бачар,
Өзүнчө мамлекет сыяктанып.

Кайырма:

Жалганбы, бала үйдүн куту экени?
Көзүбүз бала десе төрт экени.
Жалганбы мекендин койнундагы?
Ар бир үй өзүнчө эле өлкө экени.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

11.03.2019. 02:31
 sherzatik
Жакшы!
19.06.2020. 05:55
 molorbaev
Сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо