Бегимай Карабаева "Таң шооласы"
03:15
2,99 Мб
Жүктөлгөн: 23-02-2009
Сөзү:Насирдин Жумановдуку
Обону:Насирдин Жумановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.11/5
(9 добуш)
Жаштык кетет кайрылбай,
Өткөн күндөн айрылбай.
Артык эле көптүн сырлары,
Үмүт гана жалдырайт.
Үнсүз тиктейт жалбырак,
Кечки сулуу сезим кылдары.
Ансыз кыска өмүрдө,
Кайгы калат көңүлдө.
Бир сен эмес жүргөн адашып,
Мейли бул ыр өчпөсүн,
Жаштык курак өтпөсүн,
Бул жашоодо дайым жанашып.

Кайрма:
Таң шооласын төккөндө,
Күн жүзүмөн өпкөндө.
Жашоо кайра жанданып,
Кайрылуу жок өткөнгө .

Оомат бакыт бир келет,
Ойной турган күн келет.
Көз отуңдан жашың тамбасын,
Жаным агат кан агат.
Келсе аруу махабат,
Бул жашоодо көңүл калбасын.
Бир көрүүнү сагынбай,
Ойго чөмүп жалынбай.
Айтчы жаным жаштык сырларын,
Аккан суудай тунуксуң,
Көлдөй терең улуксуң,
Таңкы сезим сүйүү кылдары.

Кайрма:

Комментарийлер (37)

25.02.2009. 09:07
 lolakisa
мага жагат
25.02.2009. 13:15
 Асельчик
Анча эмес экен.. жаккан жок
25.02.2009. 15:19
 Dantist
Нормально...
25.02.2009. 15:47
 janarbek
Ушундай ырлар негедир журогумо жакын. Бул ырды тим эле укмуш деп айткандан алысмын, бирок укканда кыялга батып кетем.
25.02.2009. 21:26
 newman
эээ Бул ырды радиодон биринчи жолу укканда оло суйунгом
26.02.2009. 11:47
 jakshy_kyz
"ЭЛЕси" жок эле жакшы! Кичине компьютерный эффектерден кошушуптур. Клип тартса жакшы болмок. Бегимайга жарашат болот болуш керек ушул ырды ырдап атып бийлеген.))
26.02.2009. 17:26
 esuita
Молодец! Бегимай! бул ыр ырдалбай калып кеткен эле,бир эки жолу ырдалып...Так держать!!!кто как может!!!
26.02.2009. 20:45
 Гизочка
Бегимай умничка и красотка))Характер хороший у нее! Ей только успеха и процветания желаю!)
28.02.2009. 10:45
 шуру
Азаматсын Бегимай. Бул ырды ырдаганында аябай жонокойлук байкалат. Мурда сага маани берчу эмесмин. Эми жонокой ырчы кыз катары сени баалап калдым. Ушунундан жазбасан эле болду.
01.03.2009. 17:34
 naka
МАГА ЖАККАН ЖОК
03.03.2009. 20:49
 asiana
мага дагы жаккан жок..
04.03.2009. 10:30
 janarbek
МАГА БЕГИМАЙ АБДАН ЖАГАТ, ЫРЛАРЫ ДА ОЗУНО СОНУН ЖАРАШАТ,МЕНИМЧЕ БЕГИМАЙ АЧЫК,ЖОНОКОЙ КЫЗ.ТАК ДЕРЖАТЬ!
05.03.2009. 12:21
 ROZI
Классная песня! Бегимай молодец, так держать!!!
05.03.2009. 14:25
 babnik
men e4 nersege tushunbodum;-((
06.03.2009. 22:18
 zzahra
chinin aytsam men da ech nerse tushunbodum.emne degeni tushunuksuz bir ir...:(
11.03.2009. 15:47
 mederbek
колхоз колхоздугун кылат да
11.07.2011 00:25
ismail86
mederbek, колунан келсе сенда чык
17.03.2009. 23:52
 шахзода
жакпайт да
22.03.2009. 09:35
 kanat
Бул ырды эртен менен уксан кадимкидей жакшы журосун...Ээн эн жакшы ыр музыкасыга соз жок!!
23.03.2009. 13:36
 DaniMiX
мурун уккандай болуп жатам... же эски ырбы??? эмнеси болсо да жакшы ыр!!!
28.03.2009. 12:02
 ЛИМОН
Ооба мен дамурун уккандай болуп жатам. Бирок сонун ыр жагат
06.04.2009. 18:44
 Mile
Бегимайга жарашпайт озу чон корунот дагы детский ырды ырдап алган.Тебе уже пара чонойгонго.Жаш кыздарга бер бул ырды.
16.06.2009. 19:30
 timoshek
ooopppaa!!! assa !!
ya tansyiu......
16.06.2009. 19:32
 timoshek
Mile:
men sizge bir soz aittam, sozum katuu tiyse kechiriniz adam degen keede ozun jash sezip turush kerek, andai kylbasa tez karyit..
29.08.2009. 17:36
 Joldoshbek
Irdi jarashtiruuchu biz emespiz urmattuu forumchular. Al irchilardin atkaruusuna baylanishtuu... Biz baalashibiz gana kerek. Meyli jakshi ir irdasin, meyli jaman ir irdasin. Janagi aytishat go "jakshi ayal jaman erkekti han kilat, jaman ayal jakshi erkekti chan kilat" dep. Jakshi ir da oshondoy. Menimche "Tan shoolasi" jaskhi ir, andiktan Begimay alga!!!!
15.05.2011. 02:40
 Baichechekey
Бул ырдын автору Насиридин Жуманов эмес Бакытбек Мукарамов.Бегимай талантуу кыз.
15.11.2011. 16:39
 damirka
ырга да,ырдаган адамга да соз жок.
17.09.2014. 06:47
 kg_sulushka
Venera Salyamova kaida jurot eken a
07.11.2014. 13:26
 Aiaium
мага абдан жагат бул ыр Бегимай эже алгаа
26.01.2016. 09:53
 Ema_nookat
Урматтуу админ! Ушул ырчы айымдын Кайрылбаймын деген ырын жуктоп куюшунуздарды суранабыз. Клиби менен...
26.01.2016 12:47
admin_media
Ema_nookat,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
Комментарийлерди жашыруу
28.01.2016 09:14
temirov76
admin_media,мумкун болсо тездетиниздер,менда чыдамсыздык менен кутуп жатам МР Зсин.
15.07.2017. 18:01
 talaibeksaidiakramuulu
Урматтуу админ комуз менен ырдаган мыкты ырчылырдын ырынан кошуп койсонуздар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо