60'K тобу, Айя Садырова "Сүйүү балы"
03:18
7,56 Мб
Жүктөлгөн: 01-08-2019
Жанр: Поп
Сөзү:С.Азимбаевдики
Обону: Г.Өмүрбекованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(9 добуш)
Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө,
Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен?
Жанымдын кыйналганын жаның сезсе.

Кайырма:

Сезбеди сагынганым сенин жаның,
Саргартып кан жүрөктү ажарладың.
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным,
Жутпадым сен жыттанган,
Жутпадым сен жыттанган,
Сүйүү балын.

Айта албай убакыттын эрте-кечин,
Сыялап сырлар жазат кагаз бетин.
Кетипсиң кайра келбес сапарыңа,
Калтырып махабаттын ыр-кесесин.

Кайырма:

Конбодуң чынарымдын бутагына,
Кыспадың койнуң толо кучагыңа.
Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң,
Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.

Комментарийлер (4)

02.08.2019. 08:25
 koshterek
Aia Sadyrovany suiup ele baratam Talant menen yrdap bashtagandan beri,iygilik janim soonun chygyptyr
02.08.2019. 13:44
 Tamara.99
Талант байке жакшы ырларды тантап ырдайт экен азаматсынар ийгилик клипин күтөбүз.
02.08.2019. 19:38
 Dilbaranurdinova
Сонунго
10.08.2019. 23:09
 Abdizhapar
Ырды бузуп коюптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо