Элмирбек Иманалиев "Акинге"
04:56
4,54 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2019
Жанр: Фольклор
Сөзү:Текебай Мураталиевдики
Обону: Текебай Мураталиевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Артыңдан барсам бакчага,
Артылып колуң башкага, ой.
Жалынып сүйлөп жатыпсың,
Жактырбай сени жатса да, ой.
Сүйүүнүн эй, күчү керемет,
Олдо, жалынтат экен, ии, башкага.

Ак көйнөк кийсең таптаза,
Акактай тишиң кашкая, ой.
Күлмүндөп сүйлөп жатыпсың,
Гулүндү албай жатса да, оо.
Сүйүүнүн эй, күчү керемет,
Олдо, жалынтат экен, ии, башкага.

Карагер аа, минсем токтобойт,
Капталга малым оттобойт.
Калкымдан сулуу көп көрдүм,
Кареги сага окшобойт, эй.
Кыргыздан ой, сулуу көп көрдүм,
Кылыгы сага окшобойт.

Комментарийлер (2)

12.09.2019. 22:04
 nargiz-sa
Талантка таазим
16.09.2019. 21:55
 manas_skf
Сүйүү кызык Жыргал ай, табыштырган бизди ай, түбөлүктүү эки жүрөк соксун эми жай ушул ырды ким аткарат, аталышы кандай?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо