Улан Осмон уулу "Сенсиз жаным"
03:35
2,99 Мб
Жүктөлгөн: 21-10-2019
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым.
Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө,
Сүйүү шооласын мага чачып турган.
Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана,
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым.
Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө,
Жашайсың чоң күч-кубат берип мага.

Кайырма:
Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз,
Жашай берсе деп кылымдарга.
Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм,
Арнаймын мен бир сага.

Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Жүрөгүм кумарланат сага тартып.
Көргөнчө шашыламын көз алдыма,
Элестеп жүзүң аппак, татына.
Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып,
Айтарлык ыраазымын мен бактыма.

Кайырма:

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо