Самат Муратбекович "Боз торгоюм"
03:00
2,64 Мб
Жүктөлгөн: 18-11-2019
Сөзү:Кубат Жакыповдуку
Обону:Айбек Карымовдуку
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Сезимиңде кири жок секелегим,
Сени келет колуңдан жетелегим.
Сездире албай жүрөмүн, сездире албай,
Сезим оту жүрөктө өчө элегин.

Кайырма:
Токтоло элек мүнөзүң боз торгоюм,
Туралбайсын жанымда шоктонмоюн.
Туура түшүн, кара көз, туура түшүн,
Турмуш супсак жүрөктө от болмоюн.

Аган болуп жүрөмүн мен абройлуу,
Ачык айтам канткенде анык ойду?
Абай салып байкачы, карлыгачым,
Азап болду агаңа, азап болду.

Кайырма:

Шыбырт болсо, шырп учкан чымчыктайым,
Чырмалышкан ойлорго тумчукпайын.
Чырак болуп жагылдын кеч күүгүмдө,
Чырайынды эш тутуп тынч уктайын.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

20.11.2019. 04:48
 sherzatik
Жаңы ырчы окшойт. Ийгилик!
20.11.2019. 06:11
 kent-1
Ырды бузбай эле койбопсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо