Токтобек Асаналиев "Сен менин түшүмсүң"
05:12
4,8 Мб
Жүктөлгөн: 07-01-2020

Чыгарма Миргүл Асаналиева менен бирге аткарылган
Жанр: Поп
Сөзү:Ө. Доолоевдуку
Обону:А. Бөдөшөвдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(3 добуш)
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Недир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүндүң.

Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилди,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.

Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түн өткөрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.

Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.

Ар бир күнүң сенден мага гүлдөгү
Сага айланып жашай берем күндөрдү
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң
Сага айланып жашай берем түндөрдү.

Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
Ойлорума күнү-түнү ширелип
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай

Комментарийлер (3)

19.03.2020. 15:06
 Aliyar-Bei
Супер! Рахмат!
13.07.2020. 22:11
 Ariz0112
Ушул ырдын минусун да жүктөп коюңуздарчы сураныч.
26.12.2020. 00:21
 temilan.berdikulov
Сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо