Азат Болотбек "Сагындым сени"
03:24
3,34 Мб
Жүктөлгөн: 13-01-2020
Сөзү:Азат Болотбек
Обону:Азат Болотбек
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(3 добуш)
Шашылып өтө бердик бейтааныш адамдардай,
Таарынган көздөрүңдү кайда каттың байкатпай?
Айыгып келе жаткан жүрөгүңдү кайра мен эздимби?
Жасалма күлүп өттүң ээрчиткенди кучактай
Дүйнөгө бактылуумун дедиң өзүңдү алдай.
Сыгылган жан дүйнөбүз, айтчы бизге эмне пайда берди? 

Өрттөнүп кызганамын,
Өчө элек махабат.
Башкага байланганың,
Сага, мага азап. 
Ооба сен жеңип алдың!
Деген сөздөрүмдү уккуң келдиби? 


Сагындым сени.
Артынып алып арманды,
Үйрөндүм сенсиз жашаганды.
Ардагым менин.
Сагындым сени
Өңөрүп алып үмүттү
Издеймин жалгыз бир өзүңдөй
Ардагым менин


Шашылып өтө бердик бейтааныш адамдардай,
Азгырган азгырыктын таасиринен, аттиң ай! 
Өз колум менен бакыт кушун учурган мен бир пендемин.
Башкага байландың сен эч мени кечире албайм
Өкүнүдүң кийин, бирок мен эми кечире албайм.
Туу тутуп кур-намысты, айтчы далилдедик биз эмнени?


Азгырыкка малынып
Миң ирет өкүндүм.
Башкага сен багынып
Миң ирет өкүндүң
Эмнени утуп алдык?
Бактылуу күндөрүбүз кайрылбайт эми!

Комментарийлер (1)

06.02.2021. 11:41
 Aisuluu160790
Эн мыкты чыгарма болуптур. Азаматсыз Азат байке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо