Асель Турдалиева "Ысык-Көл"
03:48
3,5 Мб
Жүктөлгөн: 12-06-2020
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Жел жүрсө бийлеп, сайран куруп,
Толкундар көлдө ойногон.
Ак Куудай канат жайган булут,
Кылаалап көлдө бойлогон.
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырларындай.
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай.

Түнүндө көлдүн көркүн карап,
Толгон ай сызып баратат.
Ак Куудай көлдүн көркүн карап,
Көргөндө көзүң талашат.
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырларындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай

Чардактар кайкып баспай чуусун,
Ысык-Көлүм толкуп жаткан.
Учуруп кыздар кардай куусун,
Шаңкылдап боорлору каткан.
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Сүйүүнүн ырларындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Махабат ырларындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Махабат ырындай

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо