Мурадил Данияров "Бир чечимге келдинизби апа"
03:18
3,03 Мб
Жүктөлгөн: 22-02-2021
Жанр: Поп
Сөзү:Жакут Сыдыковдуку
Обону:Руслан Сатеновдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Бир чечимге келдинизби апа,
Кызыңызды бердиңизби апа.
Эч бир жанга алмаштырбайм эми,
Сиз көнсөңүз болду бизге апа.

Махабатым азыр сиздин үйдө,
Ошол үчүн мен жүрөмүн күндө.
Жолубузду ачыңызчы апа,
Жок дебеңиз алып кетем үйгө.

Кайырма,

Чынбы жокбу мен учуп барам апа,
Кубанычым батпай ысып барам апа.
Чынбы жокбу же көнгөнүңүз апа,
Сүйлөшөлү үйгө кел дедиңиз апа.


Кызыңызды аярлаймын апоу,
Калыңымды аябаймын апоу.
Башка кызга карабаймын апа,
Бакытымды баалай алам апоо.

Жүрөктөгү сагынычым ага,
Жүрөк оору алып келет мага.
Ал экөөбүз жаралганбыз апа,
Бирге өмүр сүрүү үчүн гана оо

Кайырма:

Чынбы жокбу мен учуп барам апа,
Кубанычым батпай ыссып барам апа.
Чынбы жокбу же көнгөңүңүз апа,
Сүйлөшөлү үйгө кел дедиңиз апа.

Кызыңызды сүйгөнүм чын апа,
Күнү түнү жүргөнүм чын апа.
Эки жашка эмне дейсиз апа,
Эми бизге бересизби бата.

Кайырма:

Чынбы жокбу мен учуп барам апа,
Кубанычым батпай ыссып барам апа.
Чынбы жокбу же көнгөнүңүз апа,
Сүйлөшөлү үйгө кел дедиңиз апа.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо