Урмат Усенов "Балама"
03:14
4,45 Мб
Жүктөлгөн: 14-09-2010
Сөзү:У. Усеновдуку
Обону:А. Замировдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Алгач ирет көргөндө жаңы,
Аба жетпей араң эптей жүрөк балкыды.
Балапандай бакыт алкышы,
Мен жаралган дүйнө менен кошо жаралды.
Жаратканга жалынам күндө,
Өмүр жолуң узун болсун,
Толкуп төгүлө.
Ар бир кылган кылыгың күлө,
Колдоп келет, коштоп берет,
Менин демими.

Кайырма:
Айланам, сага байланам,
Менин жүрөгүм, өмүр тирегим.
Сага кагылам, кайра жалынам,
Жашыл бүчүрүм, жаным, каным.
Бултук күчүгүм,
Күлгөнүм, өмүр мүрөгү,
Сенин жүргөнүң таалай түнөгү.
Асел шириним, жанар билигим,
Үмүт шарабым,
Менин асыл кагар канатым.

Сен жаралып, дүйнө агарып,
Үзүлбөгөн үмүттөрүм кайра жанданып.
Эми калган эмгегим жанат.
Элим, энем, бүлөм,
Сага баары арналып.
Ар бир жуткан эне ак сүтү,
Аалам менен аралашып, ыйман талашып.
Асыл оюң, адал эмгегиң,
Кыргызымдын кымбаты болсо.

Кайырма:

Комментарийлер (19)

14.09.2010. 10:29
 MaRmeLaDka
Жакшыыр экен.Урмат өзүнүн баласына болгон сезимдерин жазган экен да.Бултугум деп эркелеткени жакты.Бала кандай сонун, ээ?..
14.09.2010. 16:35
 Асылжан
Азамат,Урмат.Ырчылардын салтын улап,баласына жакшы ыр чыгарыптыр.Чыгарбай койсо тан калычтуу болмок.
15.09.2010. 01:48
 Akyikatchy
Кичекейин чонойо берсин.Арнаган ырындагы каалооно Кудайым берекесин ыроолосун.Чыгармачылык изденууну каалайм сага,жердеш.
15.09.2010. 20:25
 Yoma
Yry sonun eken, duynodo balaluu bolgondon otkon suyunuch barby tuugandar)) Urmat bayke balanyz Kyrgyzymdyn keregine jaragan myrzalarynan (uulbu je kyzduu bolgonunuzdan kabarym jok eken) bolushuna tilekteshbiz.Birok, chyndykty aytip koyush kerek, yrchylyk ununuz (golos) jok da.
16.09.2010. 10:46
 Aiturgan
Ырды укса болот, бирок Урмат мындан да уккулуктураак жазса болмок.....
19.09.2010. 13:24
 Dji
Жакшы, уккулуктуу ыр экен. Урмат байке чыгармачылык ийгилик сизге!
21.09.2010. 15:35
 Адам
Алдей, алдей - деп ырдаган жеринде бөбөктөр уктамак турсун, кайра чоочуп-ойгонуп ыйлай турган го?(((
22.09.2010. 22:38
 aminali
Sozdory jakti, obonu jakkan jok,jaksa jattap alip irdamakmin a Sultandikin ar daim irdap jyrom baldarimdi sagindim.(
25.09.2010. 17:22
 Нукура кыргызка
СОНУН ЭЛЕ ЫР ЭКЕН...
27.09.2010. 06:04
 tamara
Абдан сонун экен!!! Мага айабай жакты азаматсын Урмат.
27.09.2010. 16:08
 hiall
эмне деген крейгдевидомания бул? качанга чейин буроолорду туурап уят болуп журобуз кыргыздар. Кыргызстанда обончулар тугонуп калыптырбы? талантынар соз жаратканы эле жетеби?
29.09.2010. 18:02
 cosmopolit
орто... такое ощущение что, урматтын уну жоктой..., лучше нелягя жакшы ыр жазып берсе болмок...
01.10.2010. 19:56
 sayuri
ыр жакшы балдарды жакшы корот экен

02.10.2010. 00:45
 ulukbek
баласаак Урмат ийгилик сонун ыр екен.
03.11.2010. 14:12
 Duulat
Баласына арналып чыккан ырлардын эн мыктысы деп айтат элем! Обону укмуш! Создоруно конул бурсаныздар! Мааниси терен, уккулуктуу экен! Эхх, чиркин омур десе, жашоодо чыныгы бакыттыг булагы бала болсо керек! Балалуу болгум келип кетти! Кандай бакыт!!!!! Бардыгыныздарга талантт
03.04.2011. 00:03
 Kindersurpriz
музыка не Замировдуку,а К.Дэвида!
13.04.2011. 23:49
 samaraaa
Ну в принципе нормально, но все таки что-то не хватает...!
22.01.2013. 13:51
 chyngyz1988
Жакшы болбой калыптыр. Жон эле суйлоп койгондой болуп калыптыр
23.02.2013. 11:21
 samagan
Жакшы болбой калыптыр. Бирок аракет кылсан берекет болот эмеспи. Ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо