Иса Өмүркулов "Жүрөктү жүрөм дарылап"
03:26
3,15 Мб
Жүктөлгөн: 27-12-2021
Жанр: Эстрада
Сөзү:Какен Алмазбеков
Обону:Орозбек Кутманалиев
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Жылмайсаң жылдыз көргөнсүйм
Жылынып сага көнгөнсүйм,
Жарыгым жалгыз сен ал деп
Жанымдын жармын бөлгөнсүйм.

Капкара көзүң моймолжуп
Карагат кадап койгонсуп
Маңкайып турсаң жанымда,
Магдырайт көңүл тойгонсуп.


Айым сен 15 жаңырган
Айланып чыкпайм жаныңдан.
Кашымда бир пас жок болсоң,
Кайышып кетет кабыргам.

Айбы же күнбү дегидей
Аппаксың жаным перидей.
Алтыным сени коргөндо мен,
Аз эле калам эрибей.

Кызылың кызыл агың ак,
Кызыгам сага ар убак.
Жүзүңдөн алып кубатты,
Жүрөктү жүрөм дарылап.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо