Өктөм Сапар уулу "Баткеним"
03:40
8,43 Мб
Жүктөлгөн: 10-04-2025
Жанр: Эстрада
Сөзү:Акбар Кубанычбеков
Обону:Өктөм Сапар уулу
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Тоо болгон кени бар,
Ток пейил эли бар.
Айгүл тоо тараптан,
Атырдай жели бар.

Өрүкзар - Мекеним,
Баркыңа жетемин.
Баткенге келгенде,
Бакытты сеземин.

Асыл жер бар болгун,
Агарган таң болгун.
Айылдан куралып,
Ак жолтой шаар болдуң.

Баатырлар чыгышкан,
Акыйкат курушкан.
Ата Журт үчүн деп,
Өз жанын сунушкан.

Баткеним - Баткеним,
Өзүң деп ар демим.
Кыргызстан башталган,
Кемибес бар чебиң.
Айгүл гүл ачылса,
Арнайсың жаз демин.
Бар болгун Баткеним.

Шаар, көчөң жаңырып,
Шаң күлкү жамынып.
Дүйнөнүн бурчунан,
Эл келет агылып.

Бабалар кураган,
Жаңы муун улаган.
Өркүндө Баткеним,
Суктансын бул аалам.

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо