03:13
7,41 Мб
Жүктөлгөн: 17-04-2025
Жанр: Эстрада
Сөзү:Биримкул Алыбаев
Обону:Сардарбек Жумалиев
Көчүрүү
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын, жыргалымсың!
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө аккуу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан!
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Раазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан!
Комментарийлер (0)