Таалай Бектурганов "Ата-эне"
05:20
4,9 Мб
Жүктөлгөн: 21-09-2010
Сөзү:Т.Бектургановдуку
Обону:Т.Бектургановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.46/5
(28 добуш)
Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эминеге.

Кол созуп бир кездерде келе-келе,
Келе бер, кармат мага өзүң жебе.
Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эминеге?

Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
Ай ушул адам болуп кетсинчи деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.

Көрүнүп эл көзүнө коройгондон,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине,энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо.

Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө,
Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Билсеңер ата-эненин милдетинен,
Кутула албайсың ар тирүү күндө.

Туурдан учурганын унут койбой,
Адамдык сапатыңды астиң ойло.
Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон.

Комментарийлер (30)

22.09.2010. 11:14
 MaRmeLaDka
Мына чыныгы талант. Эх-х, кайран талант эле. Ырынын сөзүнө маани берсеңер...
22.09.2010. 22:25
 aminali
menin en syigon irim,mektepti uwul irdi irdap jyryp byyttym.
25.09.2010. 11:25
 vertual
Ушул ырды радиолордон коп-коп берип турса жакшы болот эле. Жаштарга тарбия катары.
25.09.2010. 23:50
 kench
Супер мындай ырдын маанисине конул болбой койуу болбойт, Ата-энени ар дайым сыйлаш балдарынын эн чон милдети!
29.09.2010. 13:43
 nasipbek
Кантип кочуруп алса болот....
20.04.2012 05:54
Mrklich
nasipbek,on janynda "kochuruu" tusuna bassanyz bolot, ozu tushup kalat kompunuzga
03.10.2010. 01:42
 GIOGARAXA
ata ene bul balanyn doolotu.karysy bardyn yrysy bar
08.10.2010. 19:01
 Emlis
Чыныгы жашоодон алынып жазылган мыкты чыгарма. Чыгармада жоопсуз суроолор. Учурдун койгойу... Ата-энени ардактайлы,туугандар!!!
06.11.2010. 19:34
 bosia
Кандай гана ТАЛАНТ!!! Ырдаган ыры, созунун мааниси черткен гитарасы. Бардыгы сонун жана укмуш!!!
26.12.2010. 22:38
 Romantic
kimde yrlary bar?surany4 maga jiberip koigula4y!romantic-kg@mail.ru
28.12.2010. 21:31
 Murzakulov
Nukura talant!!!
04.02.2011. 21:47
 Gourmandise
созун качан жазып бересинер?
10.04.2011. 00:29
 Juma5
эн окунучтуусу озунун арабызда жоктугу эххх ((((
11.04.2011. 14:28
 raimden
мындай адамдар бир кылымда бир туулат
12.09.2011. 20:50
 Usubaly
Эх Таалайбек,эмнеге эртеге кетип калдын экен,
Укканда ырларынды курган журок сыздап кетет.....
27.10.2011. 02:55
 FarID
mmm
08.01.2012. 23:53
 romayana
aiabai ele sonun maanisi son
08.03.2012. 22:16
 kench
Daa minday talanttar bir kilimda bir kelet!!! maanisi oto ele biyik!!!
24.08.2012. 05:56
 arsenii
радиодон кобурааак берсе экен ушул ырды,каяктагы мааниси жок ырларды беребербей,
24.08.2012. 06:04
 kipchak
Гитара менен черткенден эч тажабайм да ушул ырды. Ата-эне ж-догу ырлардын арасынан эн маанилуусу деп ойлоймун.
17.12.2012. 17:20
 kamchybek.88
азамат
11.01.2013. 16:19
 rustam-jan
Чыныгы насыят ыры тарбиялык мааниси абдан сон!!!
27.10.2013. 11:15
 azi_81
13 жылдан бери ырын угуп журом! ушу ырларын угуп гитара черткенди уйрондум! мага туртку болгон Таалайдын ырлары.
06.11.2013. 09:23
 rus9203
Азыркы ырчылардын ырынан 100%сонун айрыкча Бегиш деген ырчынын ырынанМодератор admin_media түзөттү 06.11.2013 09:34
14.02.2014. 13:33
 aiza1979
Taalaidyn ozu da,yrlary da unutulbait
07.03.2015. 03:35
 eldos97
Эх кандай сонун ыр
29.03.2015. 22:40
 musulmanin97
машаАллах кандай деген сонун ыр э ... жаткан жери жайлуу болсун!
29.03.2015. 22:51
 musulmanin97
машаАллах кандай деген сонун ыр э ... жаткан жери жайлуу болсун! АЛЛАХ ТААЛАМ анын күнөөлөрүн кечирсин! аамин!!
23.12.2016. 02:18
 Gulzina1993
Кандай гана керемет а балким мындан да мыкты ырларды жаратмак, болгону эрте арабыздан кетти.
12.07.2017. 23:20
 aragorn11
Аллах ыраазы болсун. Абдан соонун создор, абдан терен мааниге ээ болгон саптар. Азыр бул нерселер чындык болуп келе жатат. Кудай озу сактасын. Канчалаган ата энелер карылар уйундо, канчасы баласынын уйундо жашаса да бири баласынын таш боор мамилесинен, бири кызынан запкы жеп журсо, бири келининин катаал мамилесинен жапа чегип келишет. Коп болбосо да эл арасында ушундай кыйналып жашаган улгайып калган аталарыбыз жана апаларыбыз бар. Келгиле бир туугандар баарыбыз ата энелерибизди сыйлап жашайлы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо