Айчүрөк Иманалиева "Тоо булагы"
03:01
7,82 Мб
Жүктөлгөн: 18-10-2010
Сөзү:С. Алтымышовдуку
Обону:Т. Асанакуновдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Тоо койнунда жалгыз булак,
Шыңгыр добуш үн салат.
Добушунда туңгуч сүйүүм муңканат.
Алгач ирет көрүшкөнбүз, Жылдыздарды кучактап.
Күбө болгон ак сүйүүмө мөлтүр булак.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.

Кайырма:
Тоо булагым, айлансаң,
Көз жаш менен арманга.
Тоо булагым, сени менен,
Кошулайын дайрага.

Таң сүргөндө мага айттың,
Наз жүрөктүн арманын.
Сенден башка бар эле деп ардагым.
Андай болсо айтчы неге,
Наз жүрөктү алдадың?
Жүрөгүмдү сага деген жараладың.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.
Кайырма

Бүгүн келдим мөл булакка,
Ушул кезди сагынып.
Кайта дагы махабатка мен багынып.
Толкундарда мөл булактын
Көз жаш жатты агылып.
Жүрөгүмдүн муңдуу күүсү жаңырып.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.

Комментарийлер (9)

19.10.2010. 01:50
 aminali
AI4UROK eje jani 4ikkanda sonun bol4u,kiin4ireek emne bolup ketti, eski AI4UROK ejeni silaim.Ozgorulgondon kiin baarina ele jakkan jok boluw kerek,negizi ele JONOKOILUK degen nerse adamdi ayabai suluu korsotot,AI4UROK eje suluu boidon ele kalsa jakwi bolmok.
19.10.2010. 02:32
 Kagan
Уооооооооооооооу жасаганго ретросу жакшы болчу анан Мирбек Атабеков менен ырдаганы............
21.10.2010. 11:24
 arlekino
что за вууапарара ..........
26.10.2010. 13:42
 SIMA
AZAMATSIZ KIGINEKEI KEZIMEN SIZDI SUIOMUN/EMIL KARA KULJADAN
07.01.2014. 22:47
 baitumar
Айчурок айым ар дайым сулуу, ундуу, кучтуу. бир соз менен айтканда- железная леди!
22.02.2014. 20:33
 aibek93
Айчурок Иманалиева легенда кыргызской эстрады, Больше 20 лет этой песне, до сих пор актуальна
22.02.2014. 21:03
 maikl_94kg
Ушул Айчурокту эмне эле пир кыла бересинер вообще жакбайт.Илгери Айчурок гастролдоп жургондо концертине эч ким барчу эмес,азыр деле эчким барбайт.Мисалы лично мен озум коргонмун.Модератор admin_superstan түзөттү 04.08.2014 09:39
04.08.2014 09:39
admin_superstan
maikl_94kg, мазактоодон алыс болуңуз.
04.08.2014. 01:01
 romashkakg
Уят эмеспи, Айчуроктун концерттери 20 жыл бою супераншлагтар менен отчу. Аны баарыбыз эле билебиз го. Бут коерго жер таппай калган учурлар укмуш эле болгон. Азыр да кудайга шугур, личный неприязиньдерин чыгарырышып, сайтты булгап жатышат. Чындыкка жакындаса, иии дейт элек. А бул кылгандары маданиятсыздык! Модератор admin_superstan түзөттү 04.08.2014 09:39
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо