Тата Улан "Байрак"
04:26
4,06 Мб
Жүктөлгөн: 19-10-2010
Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы
Көчүрүү
  • Currently 3.70/5
(10 добуш)
Көк асманга желбиреген,
Кыргыз кызыл асаба.
Көкүрөктү эзип ийчү,
Ал тарыхты сураба.
Манас бабаң жол узаса,
Көк асаба кыргыздар.
Нечендери канын төктү,
Күбө болду жылдыздар.
Эркиндикти элге жайган,
Манас атаң унутпа.
Угутубуз күчтүү болсун,
Желек түшпөй колунда.
Жүрөк менен бирге соксун,
Кызыл кыргыз асаба.
Касиеттүү дем толтургун,
Улуу кыргыз калкыңа.

Кайырма:
Кыргыз кызыл байрак,
Жүрөгүмдү кайрап.
Желбиресин бийиктикте,
Кызыл түндүк жайнап.
Кыргыз кызыл байрак,
Жүрөгүмдү кайрап.
Алтын күндүн кырк нуру тең,
Шамал ойноп кайнап.

Оо, күчтү кайдан алдың?
Бийик тоолуу кымыздан.
Бышыктыгың кантип бышты?
Эт сугундуң казандан.
Айкөл болгун баатыр жүрөк,
Мактанам деп чиренбей.
Акыл болсун чечим кылган,
Жаман сөзгө илинбей.
Өз ишиңден тайманба,
Эр жүрөктүк каныңда.
Жеңиштерге жетем десең,
Жеңиш кыргыз атыңда.
Манас ханың алдыңда,
Бээжин алган алында.
Ойду түзөп жетем десең,
Жетип алчу каныңда.

Кайырма:

Оо, кыргызым, кандай элсиң?
Оо, кыргызым, барсыңбы?
Түбөлүккө бириктиргин,
Калпак кийген башыңды.
Биримдикке келалбасаң,
Кудай жаза салбайбы.
Өз тилиңде сүйлөбөсөң,
Унутулуп калбайбы.
Эки канат кыргыз элим,
Ак шумкар куштай.
Берекелүү кыргыз жерим,
Нур жарган куттай.
Эки күндүн ысыгында
Өсүп келет келечек,
Жакшылыкка дуба кылгын,
Алла буйруп берсин деп.

Кайырма:

Алга, балдар, кырааттуу жандар,
Далга чаппас зооттуу хандар.
Алга, балдар, кууратты байлар,
Мекенин сатып качкандар.
Кармашкан колуң бекемден,
Байрак көтөрүп жеңгендер.
Кудайдан коркуп билгендер,
Кепин чөнтөксүз дегендер.

Кайырма:

Комментарийлер (49)

26.10.2010. 18:38
 Кыргыз Жигит
Алга Улан байке
28.10.2010. 14:41
 amantur
Алга, балдар, кырааттуу жандар,
Далга чаппас зооттуу хандар.
Алга, балдар, кууратты байлар,
Мекенин сатып качкандар.
Кармашкан колуң бекемден,
Байрак көтөрүп жеңгендер.
Кудайдан коркуп билгендер,
Кепин чөнтөксүз дегендер.
28.10.2010. 22:42
 KairatKG
молодец кыйын бала экенсин
29.10.2010. 21:51
 amantur
Супер инфо
Менин сиздерге кайрылуумбар
Эмне үчүн "Байрак" Жылдын супер ыры номенациясына коюлбады?
Койууну сунуштаар элем, ишенем "Байрак" жылдын супер ыры. Койбосоңор да "Байрак" Мен үчүн жылдын супер ыры!!!
30.10.2010. 12:54
 kyrgyzymdynuulu
Amantur Мен да сага кошулам "Байрак" баары бир биринчи!!!
31.10.2010. 16:29
 Mero
соз жок братан азаматсыз!
04.11.2010. 23:57
 Alisher
Alga kirgizimdin talantuulari Alga Tata Ulan!!! oto soonun iygilik kelgile kirgz elim birigeli bir jenden kol bir jakadan bash jigarip, bolunbo kirgiz elim bolunbo bolunson bolundu dep boton elge kep ketet oshonduktan babalaribiz aytkanday birigeyli bir bololu onugoylu orkundoylu
05.11.2010. 00:48
 Nuray
Abdan jakshy, birok obonu, yrgagy oor eken, biras ösgörtsönyz bolobu Ulan myrza?
05.11.2010. 09:28
 Meilin
Azamat Tata Ulan
05.11.2010. 21:50
 amantur
nuray obonu da yry mykty menin oyum4a
ozgortuugo kajet
06.11.2010. 15:00
 amantur
nuray obonu da yry mykty menin oyum4a
ozgortuugo kajet jok
08.11.2010. 03:59
 Arstan
Жакшы ыр экен.
08.11.2010. 11:11
 daimond
Чыныгы патриоттук ыр!!! Тата Супееееееер!!!!!
08.11.2010. 11:12
 daimond
а бул ырды кайсыл жерден кочуруп алсак болот?
08.11.2010. 21:39
 amantur
http://download.files.namba.kg/files/937651
бул жерден көчүрсөнөр болот
08.11.2010. 22:05
 alike
вааай татта байке азаматсын!
14.11.2010. 02:59
 coomart
soz jok klassssss alga tata
15.11.2010. 16:22
 insan
МММ...кучту ..))качан гочурсо болот?
15.11.2010. 16:54
 amantur
Буйруса бир жумадан кийин көчүрүүгө уруксат берет Супер байкебиз
28.11.2010. 14:29
 coolcool
жон эле super!!!!!!
30.11.2010. 21:23
 Meilin
ne mogu skachat, failm php tipte bolupp jatat...
07.12.2010. 11:27
 smaityn
люди доброе, кантип скачать этсе болот экен???????? кочуруу мумкун деп турат, бирок ал жерден кочургон файл, как докмент катары сахранено болуп жатат.
09.12.2010. 01:30
 kyrs
smaityn - эми кочурсон болот
09.01.2011. 04:42
 aiskuk
Тата Уланчик - тимэле Красавчик!!!
18.01.2011. 00:04
 akylbekkg
Чыныгы патриоттук ыр болуптур!
02.10.2011. 20:38
 welldone
Эркексин
20.11.2011. 12:23
 jamshut
бул ырга комментарий ашыкча
20.12.2011. 16:45
 asil-08
сонун ыр негизи тата уландын ырлары баары маанилуу жана тарбиялоочу ырлар азаматсыз улан аке
03.05.2012. 15:23
 beku_kg
prosto super.
10.11.2013. 15:32
 egoiste
kyrgyzdar aaaaaalgaaaaa !!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо