Бегимай Карабаева "Сырдуу махабат"
03:09
2,9 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2009
Көчүрүү
  • Currently 3.71/5
(7 добуш)
Кара көздүн карегинде уялап,
Карап койсоң каректерим уялат.
Күн - түнү кайгыларды кубалап,
Кыялдарым сен тарапка чубалат.

Мурун мага сен жөн эле жакчусуң,
Сырларыңды сыр сандыка катчусуң.
Айландырып алдым окшойт сүйүүгө,
Арнап жүрүп мамиленин татуусун.

Кайырма:
Бирок айта албайм, сени сүйөм деп,
Сага ардагым, менин ардагым.
Муздак түндөн калкалай бүтпөс махабат,
Мага арнадың.

Ээлеп алып ойлорумдун барысын,
Ошондо да башым ийбейт намысым.
Тагдырымды табышмака айлантып,
Таап алдым жүрөгүмдүн дарысын.
Тартууладың балдан таттуу махабат,
Кыялымдын гүлдүү багын аралап.
Сени ойлоп, сени гана сагынып,
Сени сүйүү бир мен үчүн ырахат.

Кайырма:
Сен сүйүүңдү айта албайсың намыстанасың,
Жетүү үчүн махабаттан алыс каласың.
Жашырынып жаштыгыңда күнүң өткөрсөң,
Ак сүйүүңдү анда ачык кантип табасың?.
Жүрөгүңдө кусалыктар күндө тебелейт,
Көздөрүңдөн өкүнүчтү жашы себелейт.
Тунжураган жалгыздыкты эчким түшүнбөйт,
Өзүң үчүн сенден бөлөк эч ким өкүнбөйт.
Кайрыма:

Комментарийлер (21)

14.04.2009. 21:13
 venus
ушундай ырчыладан качан арылаар экенбиз?
14.04.2009. 23:49
 Rahatik
Molodes Begimay!!!Uspehov po bolwe???
15.04.2009. 09:55
 Samus
Ата энем артист мен да ошондой болушум керек деп чыга берген да бул кыз...Вообще у нее нет нормальных песен, которых можно слушать. Да и голос не важный.:(
15.04.2009. 19:27
 erma
jakkan jok!(
18.04.2009. 12:02
 janarbek
sonun jana super
28.04.2009. 14:28
 DaniMiX
Ото начар экен...
07.05.2009. 22:31
 Bulat
Кочруп алсак жакшы болмок. Админдер сураныч
09.05.2009. 20:40
 Rahatik
Begimay Tuwoo toyun kuw bolsun dep Rahat
21.05.2009. 21:43
 САРДАР
Ушул ырды жакшы дегендердин табитине тан калам да..!
08.06.2009. 21:10
 Айдарбеков
Бегимай откондо концерттен сени менен таанышайын десем, такыр эле маани бербей койдун го. Демек сага дагы "жылдыз" оорусу жуккан го. Же болбосо эмне..... чынбы?
08.06.2009. 21:10
 Айдарбеков
Бегимай откондо концерттен сени менен таанышайын десем, такыр эле маани бербей койдун го. Демек сага дагы "жылдыз" оорусу жуккан го. Же болбосо эмне..... чынбы?
08.06.2009. 21:11
 Айдарбеков
Бегимай откондо концерттен сени менен таанышайын десем, такыр эле маани бербей койдун го. Демек сага дагы "жылдыз" оорусу жуккан го. Же болбосо эмне..... чынбы?
08.06.2009. 21:12
 Айдарбеков
Бегимай откондо концерттен сени менен таанышайын десем, такыр эле маани бербей койдун го. Демек сага дагы "жылдыз" оорусу жуккан го. Же болбосо эмне..... чынбы?
19.06.2009. 12:46
 Асанбеков
Мага айабай жакты!! азыр жалан ушул ырды угуп жатам
24.09.2009. 17:34
 alinca
мен менен иштеген кыздарга жакты кочуруп жазып жаттап журушот жакшы эле го дейм

23.11.2009. 16:31
 Айзиля
Ужас,клибинин болсо бир да мааниси жок,кийимин эле корсото берген...женил -желпи
14.02.2012. 14:04
 asaba
Мага жакты супер!
08.09.2014. 17:08
 temirov76
Урматтуу суперчилер,кечиктин жаным башкаа суйгонум кечирим сурап кыйнааба озун деген ыр саптар кимдики ким ырдайт айтып коюнуздарчы сураныч?
28.01.2015. 23:33
 nazya5
Супер инфо Бегимай Карабаева жонундо маалымат алсаныздар,интервью. Рахмат
29.01.2015 09:57
admin_media
nazya5, саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/article/?article=20231
18.11.2015. 21:53
 Lumia-800
Жакпагандар унчукпай чыгып кетсе э! Ачкого иштеп биринин артынан бири суйлобой.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо