Сыймык Бейшекеев "Жоолукчан"
03:30
3,21 Мб
Жүктөлгөн: 21-04-2009
Сөзү:Бактыгул Сейитбекованыкы
Обону:Сыймык Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.46/5
(13 добуш)
Ак көйнөгүң кийип келипсиң,
Ак жоолугуң абдан жарашып.
Ак куу моюн, сулуу жаш селки,
Ай чырайың мынча жарашып.

Кайырма:
Мага жаккан аппак көйнөгүң,
Күттүм эле кийип келет деп.
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак көйнөгүң желге желбиреп.

Тээ алыстан көзгө чалынып,
Ак жоолугуң абдан жарашкан.
Аты жогуң шакек тагынып,
Айтып турат эми талашпа.

Кайырма:
Жарашыктуу аппак көйнөгүң,
Күткөн элем кийип келет деп.
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак жоолугуң желге желбиреп.

Ай чырайлуу сулуу кара көз,
Ак көйнөкчөн, аппак жоолукчан.
Ак жоолугуң асти түшпөсүн,
Бактылуу бол, кимге жолуксаң.

Кайырма:
Жолугууга аппак көйнөгүң,
Күткөн болчум кийип келет деп,
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак жоолугуң желге желбиреп.

Комментарийлер (19)

21.04.2009. 20:05
 Санжыра
Абдан жакшы ыр!< мурда эле укчумун мазмуну жакшы >уккулукту ыр !!!
22.04.2009. 12:02
 Кука
мага Сыймык Бейшкеевдин баардык ырлары жагат,баардыгы уккулуктуу, мазмундуу.
23.04.2009. 13:00
 jerkin
"Мага жаккан ак койногун кийип кел" деген ырынын уландысы окшойт. Жакшы чыгыптыр
23.04.2009. 22:52
 каша
Мыкты жана мыкты
27.04.2009. 14:20
 Kerimka
Prosto super!!!!!!
28.04.2009. 13:07
 erma
super yr eken!!!
28.04.2009. 14:43
 Venchuk
Жакшы ыр экен,чын эле мага жаккан ак койногун кийип кел деген ырынын уландысы го
31.05.2009. 22:28
 bosia
Негизи биздин жаштарга карганда улуулар сонун ырдап коюшат.
22.06.2009. 10:30
 Tinergy
Сыймык байке чыгармачылыгыныз оркудной берсин!
06.08.2010. 18:03
 maradona
Сыймык байке сиз чындыгында эн мыктылардын бирисиз. Сизден дагы коптогон жаны ырларды кутобуз
20.11.2010. 23:59
 oscar
чыгармачылык ийгилик
13.12.2010. 15:10
 eakylbekov
Жакшы ыр
30.01.2011. 00:05
 Asulbek
сыймык байке сизге чон рахмат ушунчалык ыр жазганынызга маанилуу ыр экен zamir.kg.88
30.01.2011. 00:08
 Asulbek
Aллахым ыраазы болсун zamir.kg.88
01.03.2011. 17:57
 Godogochun
Сыймык Бейшекеев sizdin yrlarynyzdy kunt koyup ugam barakelde talantynyzga
17.07.2011. 23:21
 eduardali
журоктон чыккан ыр!
14.06.2012. 02:36
 Beishen_03
сонун ыр экен!супер инфо силерден сураныч Сыймык байкенин "Балалыка кетеличи апаке"деген ырын жуктоп койгулачы.
20.07.2013. 13:34
 t_85
azamatsyn Syimyk Baike Taazim talantynyzga
27.10.2014. 06:40
 aiza.kyrgyzkyz
Кайсы ырды ырдабасын баары уккулуктуу, маныздуу. Ай айда красавчик)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо